Доллардын курсунун бат- баттан өзгөрүп туруусу жергиликтүү ишкерлерге жана айыл тургундарына залалын тийгизүүдө. Кээ бири чыгымдарга учурап, азабын да тартып жатышууда. Азыркы учурда доллардын курсу ылдыйлап болжол менен 68 сомду түзүүдө. Кыргызстан бонча 23 миӊ 466 киши чет өлкөлүк валюталар менен ар кандай насыяларды алышкан. Анын ичинен 8 млярд сому айыл чарба иштерине деп алынган болсо, ал эми 6 млярд суммадан ашыгыраак ипотекалык насыяларга берилген. Доллардын курсу төмөн турган учурда банктан кредит алып, бир жуманын аралыгында кайра курсу жогорулап кетип кредиттин төлөмүн төлөөдө кыйынчылыктарга туушар болгон Токтобек Касиев өз оюн менен төмөндөгүчө бөлүштү:
![20160517_183647[1]](http://barskoon.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/18/2016/05/20160517_1836471-300x169.jpg)
“ Биздин Кумтөрдө иштегендердин банкы болчу да. Алар бизге доллар менен сунуштады да. Пайызы 18% болот деген. А бирок доллар реска өсүп кетти. Үч күндөн кийин эле 48, андан кийин эле 50, андан кийин 55 бат-баттан өстү да 79 га чейин жетти да бул. Төлөм болсо доллардын баасы болсо өтө эле өсүп кетти. Жеке эле мен эмес, мен го аз эле алгам, менден да көп алгандар бар 30,000 доллар, 50,000 доллар, 100,000 доллар алгандар бар. Ошолор төлөгонү кыйын эле болуп калды алардыкы. Чынын айтканда элди кыйнап турат”.
Жергиликтүү айыл тургундарын күнүмдүк тамак-аш, кийим кече жана ушул сыяктуу майда барат буюмдар менен камсыз кылып келе жаткан соодагер Гүласель Таабалдиева товарды сатууда карапайым элге терс таасирин тийгизип, айыл тургундары нааразы болуп жаткандыгы тууралуу өз сөзүндө билдирип өттү:
![20160518_204619[1]](http://barskoon.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/18/2016/05/20160518_2046191-300x169.jpg)
“ Карапайым элдердин турмушунда аябай эле кыйналуулар көп болуп атат. Эмне үчүн дегенде пенсионерлер жалаӊ пенсияны карап отурурат, ал пенсиядан алган 2000-3000 сом акчасы товарларды ала келгенде эч нерсеге жетпейт. А айылдык карапайым элдердин турмушуна доллардын көтөрүлүп кеткени терс таасирин көп эле тийгизип атат. Баалары кымбат. Эми ушу таможный союзга киргенден бери товарлар арзандап эле калды. Болбой эле китайскийлер кымбаттап келип атат. Аны алууга болбойт”.
Жогоруда айтылгандай ишкерлерден сырткары, доллардын курсу жергиликтүү тургундар үчүн да оор болуп жаткандыгы туралуу айыл тургуну Майрамбек Усупов өз маегиде буларга токтолду:
![20160519_092513[1]](http://barskoon.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/18/2016/05/20160519_0925131-300x169.jpg)
“ Доллардын кымбаташы айыл жерине кыйынчылык жаратып жатат. Негизи эле Кыргызстанга. Бизге деле доллардын кереги жок эле. Эмнеге доллардын курсун бизге өйдө –ылдый кылдып атышат билбейм. Негизи доллар кымбаттаган сайын товар да кымбаттайт, күйүүчү майлар да кымбаттайт. Элге кыйынчылык эле жаратып атат”.
Ал эми чет жерде жүрүп эмгектенген мекендештерибизге жеке эле доллардын курсу таасир бербестен, рубльдин да курсу таасир этүүдө. Россияда эмгектенген Барскоон айылынын тургуну Минара Качкынбай кызы рублдин наркы сомго карата төмөндөп кетиши, эмгек миграттары үчүн көп чыгымдарды алып келип жаткандыгын билдирди:

“ Россияда иштеп жүргөн мигранттар үчүн аябай эле оор болуп атат. Анткени бизде рубль менен иштеген үчүн Кыргызстанга ата-энелерибизге рубль менен салабыз. Ошону үчүн рубль түшүп кетсе бизге аябай эле кыйын болуп атат”.
Сиздер чет элдик валюталар ишкерлерге, айыл тургундарына ошондой эле эмгек мигранттарга да кандай таасирин тийгизип жатканына күбө болдуӊуздар. Сюжетти даярдаган жана алып барган Гүлкайыр Осмоналиева жана Эрлан Абласов. Саламатта туруӊуздар.