Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы өтө жакыр, майып жана көп балалуу үй-бүлөлөргө жыл сайын гуманитардык жардам берилчү. Соңку он жылдан бери мындай жардамдар эмне үчүн көрсөтүлбөгөндүгү туурасында айыл башчысы Касымакун Мамырбаев менен маек курдук.
Саламатсызбы! Учкун айылынын тургундарына акыркы жолу качан гуманитардык жардам келген жана кандай азык-түлүктөр берилчү?
— Мындан он жыл мурун келген. Тургундарга буурчак, май, 1 тонна көмүр, ундар, кээде кары адамдарга пледдер берилчү.
Мурун гуманитардык жардам кайдан келчү эле?
— Мурун эл аралык Бириккен Улуттар Уюму жашоо-шарты начар адмдарды тамак-аш менен камсыз кылып турушчу.
Эмне үчүн мындай жардамдар токтоду?
— Азыр мындай жардамдар токтогон. Себеби азык-түлүктөрдү алгандар буурчактарды кайра сатышы. Биз аларга берсек кайра алар башкаларга сатышып туруп алышты.
Кандай адамдарга берилет?
— Жолдошу жок, көп балалуу үй-бүлөлөргө, майыптарга жана жашоо шарты өтө начар адамдарга. Учкун айылынан мурун 100 адамга берилчү.
Азыр айыл башчы тарабынан атайын жакырларга акча бөлүнүп берилеби?
— Ооба, Куланак менен Учкун айылы бир айыл өкмөткө киргендиктен эки айылга 50 миң сом акча каражаты атайын долбоор менен 25 миң сомдон Куланак менен бөлүшүп алабыз. Ал акчага жакыр жашаган элдерди иштетип, анан азык-түлүктөрүн беребиз. Жакында эле көчөлөргө шагылдар төгүлдү, мында жетишпеген адамдар иштеп ун жана зыгыр май алышты.
Гуманитардык жардам алыш үчүн атайын долбоор жазылып жатабы?
— Ооба, биз 2017-жылдын жаз айына ылайыктап атайын долбоор жазууга камданып жатабыз. Жазында ушул ишке киришели деп турабыз
Маектешкен: Орозбай Асанкул уулу
Редактору: Алмаз Эшбаев
Сынак үчүн