Базар-Коргон районундагы Атабекова орто мектебинде районго караштуу мектептердин мугалимдери «Бирге окуйбуз» долбоорунун алкагында окутуудан өтүштү. Ага Ооган-Талаадагы мугалимдер да барып катышып келишкен.
Жалал-Абад облустук USAIDдин «Бирге окуйбуз» долбоорунун мобилизатору Айнура Мурзапарованын айтымында, бул долбоордун максаты — башталгыч классынын окуучуларынын окуу көндүмдөрүн жакшыртуу болуп саналат.
Жалал-Абад шаарынан келген тренер Сонунбү Асанова «Биздин максат — башталгыч класстагы окуучулардын китепке болгон кызыгуусу аны сүйүүсү. Долбоор иштегенден бери көп жакшы ийгиликтерге жетиштик» деп билдирди.
Ооган-Талаа айылындагы Сатыбалды Далбаев мектеп гимназиясынын окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Камбарали кызы Гүлназ төмөндөгүлөргө токтолду.
— Биздин мектеп эң алдынкы төрт мектептердин арасында болгондуктан жомок китептерин «USAID» тарабынан белек кылышты.
Тренингдин соңунда керектүү маалымат алдык дешкен мугалимдер мектепте ушул көрсөтүлгөн багыттар боюнча иш алып барышаарын айтышты.
Автору: Тимурлан Мелисбек уулу
Редактору: Адилет Канат уулу
Сынак үчүн