2-мартта Ш.Бейшеналиев мектебинде областтык семинар болуп өттүМугалимдер ачык сабактарды ,көргөзмө куралдарын жасашып мыкты даярдыгын көрсөтүштү.

Семинардын ачылышында мектеп директору Ч.Рыспаева мектептеги инвестиция жөнүндө сөз сүйлөдү.Семинарга жалпы 80 ге жакын мугалимдер жана облустун беш райондон билим берүү бөлүмүнун жетекчилери, методисттери катышты.Мектептин мугалимдери инновациялык технологияларды колдону менен предметтик 18 ачык сабак,2 класстык тарбиялык саат,манасчылык, ыр ,бий ийримдеринин иш чаралары,тегерек стол жана тренингдер өткөрүлдү.Семинарга келген өкүлдөр топторго бөлгөн жаш мугалимдер менен ачык сабактарга кирип катышты.Сабактардан кийин көргөзмө куралдарга күбө болушту. Мектеп директору Ч.Рысбаеванын айтымында мектеп инновациялык деген сертификат берилген. Өтүлгөн сабактардын баары ошого ылайык даярдалып, сабак өтүүнүн ар түрдүү жаңы ыкмаларын колдонуу менен сабактарды өтүштү. Жыйынтыгында дээрлик баардык сабактар жана иш чаралар жогорку деңгээлде өткөндүгү белгиленди.
Сынакка даярдаган: Жылдызбек кызы Алтынай
Редактору: Айылчиева Адина