Ак-Суу районунун Орлиное айылынын жаш тургуну, 8-класстын окуучусу Айгүл Малайканова шахмат ойноп көптөгөн ийгиликтерди жаратууда.
Айгүлдүн айтымында, шахматка кызыгып, ийгиликтерге жетишине атасы себепкер болгон. Ал шахматты эки жылдан бери ойноп келүүдө.

«Атам шахматты аябай жакшы ойнойт, мен да ойноп атамды ута баштаганда өзгөчөлүгүмдү атам байкап калды. Ой жүгүртүүм аябай жакшы болчу — бул шахматта эң негизги нерсе. Карпов, Каспаровдой дүйнөлүк шахматист болгум келип терең үйрөнө баштадым. Караколдон, Түптөн кыздар арасында дагы, балдар арасында дагы 1-орун алгам. Ысык-Көл-Опен аттуу эл аралык турнир болуп, Орусиядан,Тажикстандан келишти, ал жерден 2-орун алгам. Көптөгөн майда турнирлерден 1-орундарды алдым, республикалык расмий турнирде 2-орун алдым. Бишкеке күтүүсүз жерден барып калып 1-орун алдым. Ошонун натыйжасына Казакстанга барып келип, ал жерден команда менен 4-орун алдык, эми 30-мартта Ташкентке барабыз», — деп айтып берди шахматчы Айгүл.

Айгүлдүн апасы Динар Абдыкеева кызынын дүйнө чемпиону болоруна ишенээрин айтат.

«Кызым акыркы жолу Бишкекке президенттик турнирге барып келди. Ал жактан Элвира Сариева менен кезигип алардын колунан баалуу белектерди алды. Кызыбыздын келечегинде мындан дагы көптөгөн ийгиликтерге жетишет деп ишенебиз. Кызыбызды Казакстандан же Орусиядан окутсак деген оюбуз бар», — деп айтып өттү Абдыкеева.
Даярдаган: Айпери Темирканова
Редактор: Салават Жангабылов
Сынак үчүн