Сокулук районунун Ысмайыл айылында таза суу көйгөйү чечилди. Айылдын Рыспек Ибраимов кɵчɵсү ичүүчү суу менен камсыз болушту.

Таза суу алып келүү үчүн тургундар 250 миң сомдон ашуун каражат жыйнашкан. Мындан сырткары «Бүткүл дүйнɵлүк жаштар Ассамблеясы» колдоого алып, чогулган каражаттын эсебинен бир кɵчɵ толук таза суу менен камсыздалды.

Кызыл-Туу айыл ɵкмɵтүнүн башчысы Замир Нурманбетовдун айтымында орнотулган суу түтүкчөлөрү 3 км алыс аймактан тартылып келген. Жаңы курулган түтүктөрдү жана суу чогултулуучу кудуктар бышыктап тосуп чыгуу иштери толугу менен сонуна чыкты.

Айыл тургуну Бактыгүл Осмоналиева таза суу жоктугунан улам кɵп жылдан бери коншу кɵчɵдɵн ташып ичип келишкенин белгиледи.
Даярдаган: Айдай Джолчубекова