Могол айыл аймагындагы жети айылдын көчөлөрүнө жарыктандыруу коюлду.

Чкалов, Правда, Кызыл-Суу, Ооган-Талаа, Көк-Тонду айылдарына Жогорку Кеңештин депутаты Нышанов Сайдилла атайын долбордун негизинде акча бөлдүрүп берген.
Могол айыл округунун башчысы Эркин Турдукулов: «Жалпысынан көчө жарыктандыруусуна эки миллион акча жумшалды».
Кара-Ой айылына 20 жерге, Көк-Тондуга 6 жерге, Чарбак айылына 86 жерге, Кызыл-Суу айылына 13 жерге, Ооган-Талаа айылына 30 жерге жарыктандыруу коюлду. Атайын мамлекеттик экоинспекциясынан, Кыргыз электро ишканаларынан уруксат кагаздары алынды.
«Ооган-Талаа айылында көчөлөргө жарыктын коюлуусу аябай жакшы болду. Көчөлөр жарык болуп калды»,- деп билдирди Ооган-Талаа айылынын тургуну Роза Саркарова.
Даярдаган: Мелисбек уулу Тимурлан, Саитжанова Аймээрим