Акчалай сыйлык тарых жана маданият жылына байланыштуу берилмекчи. Бул тууралуу аталган айыл аймактын жооптуу катчысы Аида Жээнбекова маалым кылды.
Анын айтымында айыл аймактын жыйынында Нооруз майрамына карата атайын долбоор иштелип чыккан. Ага ылайык аймакка караштуу айылдардын арасында тарыхый таржымалдар, боз үй тигүү, улуттук кийим, тамак аш жана элдик чыгармачылык боюнча кароо сынактар өтөт.
— Быйылкы жылдагы айырмачылык болуп, Тарых жана маданият жылына багышталып, ар бир айыл өз аталыш тарыхы боюнча айтып берет. Себеби кээ бир адамдар өзүлөрү жашап жаткан айылынын тарыхын билишпейт – деди айыл аймактын жооптуу катчысы Аида Жээнбекова.
Кулатов айыл аймагы тарабынан байге фонду үчүн 22 миң сом бөлүнгөн.
Кулатов айыл аймагына 13 айыл карайт. Жалпы жашоочулардын саны 19 миң кишини түзөт.
Автор:Зарина Жеңишбек кызы,Марлен Жамалов.