Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчыларынын кадрдык курамында бир гана жыныстагы кызматчылар үстөмдүк болбошу керек. Азыркы күндѳ ѳз билимдери менен эмес тааныштар аркылуу жумуш ордун түзүп жаткандар да бар. Жети-Ѳгүз райондук администрациянын башчысы аким Мурат Раматовго кайрылып жергиликтүү бийлик органдарында аял менен эркектердин тең салмакта болуусу маанилүбү ?- деген суроого тѳмѳндѳгүдѳй жооп алдык:

«Албетте манилүү, бирок ошону менен эле бирге сайасий кызмат болгонуна байланыштуу бул учурда манилүү жумуш болуп калса күнбү -түнбү чакырылышы мүнкүн. Эгенрде кандайдыр бир кырдаал болуп атса же бир коопту маселе болуп калса же ошонун ичинде саясий бир кырдаал опурталдуу болуп турса, күнү- түнү иштегенге шарттар болуп калышы мүнкүн да. Аял заты бул эң биринчиден үй-бүлѳдѳгү очокту сактоочу аял заты болуп аткандан кийин кээде бул оордук түзүү болушу мүнкүн. Жергиликтүү бийликте тең салмактуу болушу гендерлик маселе тең салмакта чечилиши жана ал жерде кандай эркектер иштесе дагы аял заты тең укук берилип саны дагы бирбей болушу манилүү деп эсептейм».
Шайлоо өткөрүлүп жатканда, аялдарга эркектер менен бирдей шайлоого, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга мүмкүнчүлүктөр менен камсыз кылынат. Ушул эле учурда аялдарга карата тоскоолдуктар да жаралбайт деп айтуу бир кыйла кыйын.Мисалы алсак Жети-Ѳгүз районунда бардыгы 224 депутат болсо, алардын ичинен 27си гана аял депутаттар. Ушул маселе эмне себептен келип чыгып жатканын билүү үчүн Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты Эркингуль Иманкожоевага «Жергиликтүү кенеште аялдардын жоктугу же болбосо абдан аз санда болушунун себеби эмнеде?»-деп кайрылып кѳрдүк:

«Гендерлик теңчилик азыр Кыргызстанда каралбай жатат, теңчилик болбой жатат. Конституцияда ошо гендерлик теңчилик деген бар. Бирок азыр кѳрүп билип отургандай Кыргызстанда жергиликтүү кештен баштап жогорку кеңешке чейинки ошо гендерлик баланс кармалбай келет. Ушул бойунча да мен бир канча жолу ѳкмѳткѳ, ошондой эле соцалдык тармактарда жазгам. Коомдук уюмдар да бул маселени кѳтѳрүп атат. Жогорку кеңентеги депутат айымдар дагы бул гендерлик теңчилик бойунча маселени кѳтѳрүп атат. Бирок ошого карабай теңчилик болбой атат. Мисалы айыл кеңештеринде Кыргызстан бойунча кѳп болсо бир беш протсентин дагы түзбѳйт болушу керек аялдар. Ошондуктан азыр бул маселени айабай катуу койуш керек. Бир нерсе жасарда ар дайым айымдар жасайт, ээлик кылганда ошол биздин мырзаларыбыз келип калат да».
Ар башка жыныстагы адамдар мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүүдө, кызматтан көтөрүлүүдө жана анын органдарында андан ары иштөөдө бирдей укуктарга жана бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат. Тактап айтканда Барскоон айыл аймагында жалпысынын 9041 калк жашайт. Алардын ичинен 4510ну аял киши болуп саналат. Бүгүнкү күндѳ айыл аймакта иштеген айымдардын саны 2080. Ал эми жергиликтүү кеңеште жалпы 21 депутат болсо, алардын бешѳѳ аял депутаттар. Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Руслан Эшмамбетовдон «Айыл аймагында кандай маселелер бар жана айылда гендердик теңчилик маселеси чечилип жатабы?» -деген суроого мындайча жооп алдык:

«Биздин айыл ѳкмѳттѳ отуз адам иштейт ошонун он беши айым, он беши эркек. Бул жерде гендерлик равноправия каралып атат, кеп санда эмес, качествада. Укуктары тебеленген жокпу аялдын жана ошондой эле эркектин милдеттери туура аткарылып атат деген ойдомун. Кеде айтат эркектер акча кѳп таап атабыз аял сен унчукпайле отура бер дейт. Бирок кееде аялдын мындай жумушун эсептей келсе эркек тапкандан кѳп болуп калат. Кѳп маселе мынакей ошол теңчиликтен чыгуу үчүн, мигратцианы токтотуш үчүн айымдарга жумуш оордун таап берүү, иштерин жүргүзүп атабыз. Мисал келтирсек Барс-S ишканасына күнүмдүк барып келүү маселесин кѳтѳрүп иш алып барып атабыз. Эркектер дагы айакта иштеп атат күнүмдүк акча таап келип атат, айымдар дагы таап келип атат мындайча айтканда тең укуктуулук жүрүп атат десем эч бир жаңылбайм».
Дүйнөлүк экономикалык форумдун доклады, дүйнөнүн 142 өлкөсүндөгү аялдар менен эркектер ортосундагы теңчиликтин абалын изилдеген. Мыйзамдарда аял менен эркек бирдей укукта болуусу керек делгени менен, Кыргызстанда гендердик теңчиликтин сакталбай келе жатканы баарыбызга маалым. Шайлоолордо жана жумуш ордун түзүүдѳ эмне себептен квоталар сакталбай келе жаткандыгы туралуу социалдык технологиялар агентигинин гендердик эксперти Бактыгуль Исланбекованын оюун уктук:

«Бул гендердик квоталар тизме тизүү учурунда эле каралган. Ал эми айылдык кеңештерде гендердик квоталар каралган эмес. Ошондуктан статистикага кайрылсак аялдардын саны шайлоодон шайлоого азайып барууда. Кыргызстандын шайлоосун 52 пайызын аялдар түзгѳнү менен 2-3 пайызын гана аялдар түзүп калуу коркунучу бар. Жумуш ордун түзүүдѳ дагы кѳп тармакта дагы гендердик квоталар каралбай келет. Гендердик квоталар каралган кезде деле аялдар ар кандай тоскоолдуктарга кабылышат. Бул стератиптик тоскоолдуктар болушу мүмкүн жана кѳп аялдар финансы каражаты чектелгендиктен дагы кѳп тоскоолдуктарга кабылып келишет».
Кайсы бир категорияда аялдардын эркектерге караганда мүмкүнчүлүктөрү төмөн болсо, бул гендердик ажырым бар экенин күбөлөйт. Мындай өлкөдө аялдар эркектер менен бирдей укукка ээ эмес, аялдардын саясий-экономикалык, социалдык-маданий ресурстарды пайдалануу мүмкүнчүлүгү да төмөн дегенди билдирет.
Даярдаган: Эрлан Абласов, Гүлкайыр Осмоналиева