2020-жылдын 6 айында, өткөн жылга карганда үй-бүлөдөгү зордук – зомбулук 65 % көп катталган. Ошондой эле аялдарга катара катталган зордук-зомбулуктун басымдуу бөлүгү жабырланган тараптын тосмо арыз жазышы, зомбулукка барган адамдын жазасыз калуусу менен жыйынтыкталат.
Кыргызстанда аялдарга карата катталган зордук- зомбулук негизинен коомдо калыптанган стереотиптик көз-караштардан улам келип чыгат. Эгерде күйөөсүнөн таяк жесе же үй-бүлө мүчөлөрүнөн каттуу сөз укса, келин унчукпай калууга тийиш деген жазылбаган милдеттер өкүм сүрүп келет. Мындай оюн, 25-жылдан бери өмүрлүк жолдошу менен түтүн булатып алты баланын энеси болгон айыл тургуну бөлүштү. Ал эрте турмуш куруудан мурда бир кесиптин ээси болбой калгандыгына да өкүнүп келерин кошумчалады.
“Менин турмушка чыкканыма 25-жыл болду. 11-классты бүтөрүм менен эле жолдошум ала качып алган. Жолдошум ала качып алган күндөн бери эле бир жылуу сөзүн укпайм же бир жылуу мамилесин көрбөйм. Мас болуп келсе үйгө тынчтык бербейт, алты балам менен жөжүрөп ар кайсы бурчка жашынып, ар кайсы короого, сарайга жашынып саякаттап күн кечирип келем. Балдар да чоӊоюп калды айла жок төркүнгө барсаӊ алты бала менен кантип батасыӊ. Балдар чоӊойгон сайын уялат экенсиӊ. Ошону үчүн өз укугун коргош үчүн билимдүү болуш керек экен, менин өкүнгөнүм ушул”.
Үй-бүлөдөгү чыр чатак, гендердик теӊсиздик, ала качуу, кулчулукка адам сатуу көйгөйлөрү боюнча 25-жылдан бери иш алып барган “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси, психолог Бүбүсара Рыскулова, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук эки кишинин эле ортосунда эмес балдарга да таасирин тийгизет дейт. Зомбулукка кабылган аялдардын басымдуу бөлүгүнүн тосмо азыр жазуу себебине Бүбүсара айым төмөндөгүчө токтолду.

“Сезим” кризистик борборунун жетекчиси, психолог Бүбүсара Рыскулова
“Ачуусу менен жанакыдай таяк жеп, көк ала болуп келет. Бизде закон бар да үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка каршы деген. Жазып коюушат да анан кайта жашай турган башка үй жок, экономикалык кыйынчылык болот, балдарым үчүн, үй-бүлөм үчүн деп туруп эле көбүнчө кайта тозмо арыз жазышат ар кандай жагдайга байланыштуу”.
Жолдошунан зордук көргөн аялдардын тагдыры коомчулукта чоң талкуу жаратып келет. Бир тарап, балдары үчүн жарашыш керек, үй-бүлөнү сактап калышы керек деген пикирди билдирип, аялды тосмо арыз жазууга үндөсө, экинчи тарап тосмо арыз жазылып, аялдардын укугу тепселене берсе, зордук- зомбулук дагы да күч алат деген пикирде.
Барскоон айылынын тургуну “Үлгүлүү үй-бүлө” наамынын ээси Кылычбек Бектуров азыркы учурдагы үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту болтурбоо үй-бүлөнүн өзүнөн көз каранды дейт. Ал эми аял киши кимдир бирөөлөр же үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан зомбулукка дуушар болсо, зөөкүр мыйзамдуу жазасын алыш керек. Себеби, ал аял затынын жүрөгүндө өмүр боюу так болуп кала тургандыгын жана бул учурда аял заты эч качан жароокер болбошу керек деген оюн ортого салды.

“Үлгүлүү үй-бүлө” наамынын ээси Кылычбек Бектуров
“Азыркы учурда үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук дагы эле болуп жатат. Бул зордук-зомбулук үй-бүлөдө болушунун себеби үй-булөнү туура эмес пландагандан болуп атат да негизинен. Үй-бүлө куруу деген чоӊ маселе, аны курганда эки тараптан теӊ жакшынакай келишим менен, жакшынакай сүйлөшүп турмуш курган жакшы. Ала качуунун айынан же бири-бирин жакшы көрбөй эле турмуш кургандын айынан көп зордук-зомбулуктар болуп атат. Зордук-зомбулуктун азайбай келиши менин оюмча азыркы шартта үй-бүлөдөгү жетишпегендиктин айынан пайда болуп атат деп ойлойм”.
Расмий маалыматтар боюнча, акыркы беш жыл ичинде он беш миӊден ашык үй-бүлө ажырашып, жалгыз бой энелердин саны күндөн күнгө көбөйүүдө.
Гүлкайыр Осмоналиева