Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айылынын 11-классынын окуучусу Айым Мырзабекова 2-сынакта өзүнүн калеминен жаралган ыры менен 1-орунду багындырды.

Айым Мырзабекованын жазган ыры

Айым Мырзабекова буга чейин көптөгөн ийгиликтерди багындырып келген.Бирок бул жолкусу өзгөчө болгонун айтып,кубанычында чек жок экенин жашыра алган жок:
«Конкурс «Ысык-Көл жаштар клубунун» 3 жылдык мааракесине карата уюштурулган. Ошондой эле «Ырахмат сага Ысык-Көл жаштар клубу» деген темада ыр жаздым. Ырым 4 мүнөткө созулуш керек болду. «Аракет кылсаң, берекет»-дегендей болгон аракетимди жумшап, катыштым десем болот.
Ошентип Республикалык кароо сынакта 1-орунга жетиштим. Сыйлоо аземи Бишкек шаарында «Кенч»кафесинде болду»,-деп билдирди.

Сыйлоо аземи

Аралдык мугалим “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” болду
Айжан Мырзабекова