№2153 Ооган-Талаа шайлоо участкасында элдин пикири боюнча шайлоо таза, санитардык нормалар сакталып өтүп жатат.

Айпери Ташматова жеке ишкер
«Атым Айпери Ооган-Талаа айылынын тургуну болом маанайым эң сонун, элдин маанайы да жакшы, санитардык-гигиеналар сакталып жатат, таза өтүп, ар бир жаран өзү кирип, өзүнүн каалаган 5 талапкерине добуш берип жатышат. Кыргызстандын келечеги бар, буйруса өнүккөн өлкө болот, деген үмүтөбүз.»

Кочкорбай Раманов Пенсионер
«Атым Раманов Кочкорбай Тажибаевич Ооган-Талаа айылынын тургуну болом, маанайым бүгүн майрамдык маанайдай сонун, себеби өлкөнүн тагдыры айылдын тагдыры чечилип жаткан мезгил ушуларга байланыштуу майрамдык маанай элдин маанайда жакшы деп ойлойм.
Элдин келиши бардыгы жакшы маанайда келип өзүнүн каалаган кандидаттарын добуш берип жатышат. Атмосфера да жакшы санитардык гигиеналар туура так сакталып жатат, бардыгы өзүнүн деңгээлинде уюштурулуптур. Өкмөткө да ырахмат, тазалыкты карап тазалыкка да өзүнчө көңүл бурушуптур, ошондуктан мен таза деп айта алам. Кыргызстандын келечеги бар жок деп айтууга такыр болбойт, себеби дегенде биз кыргызбыз Кыргызстанды көтөрүшүбүз керек. Келечектеги тагдыры өнүккөн өлкөлөрдөй болот буйруса, Кыргызстан эң алдынкы өлкөгө чыгат деп ойлойм.»

Кыял Тешебаев- Байкоочу
«Мен Тешебаев Кыял байкоочумун. Байкоочу катары бар жогу өз ордунда өтүп жатат. Элдердин маанайы да жакшы өзүмдүн маанайым да мыкты деңгээлде, санитардык гигиеналар да сакталып жатат. Элдин баары маскачан дистанция да сакталып жатат. Шайлоо жакшы өтүп жатат эч кандай ызы-чуу байкан жокмун».

Өз добушун берип жаткан учур
«Мен Эргешов Аким пенсионермин. Мугалим болуп иштегем бүгүн шайлоо туура так өтүп жатат. Эч ким эч кимди мажбурлаган жок сүйлөшкөн эч ким жок келген шайлоочулар өз каалаган адамга добушун берип чыгып жатышат. Маанайым жакшы элдин маанайы да жакшы санитардык гигиеналар сакталып, жаңжал бири- бирине таарынуу байкалган жок. Кыргызстандын келечеги бар буйруса эң алдыңкы мамлекеттерден болот деп ишенем.»

Жайлоокан Кочкорова жеке ишкер
«Мен Кочкорова Жайлоокан Ооган-Талаа айылынын тургуну болом. Жакшы деңгээлде өтүп жатат, мындай шайлоо өтө элек болчу. Кыргызстан келечеги бар келечекке болгон үмүт менен жашап жүрөбүз, буйруса элдин баары таза добуш берет деген үмүтөмүн.»

Шайлоочулар келип жаткан учур
Ширин Маратбекова