Кочкор районунун Төлөк айылында жергиликтүү тургундардын катышуусунда элдик жыйын өтүп, анда айыл ичиндеги бир катар маанилүү маселелер талкууланды. Жыйындын жүрүшүндө айдоо мөөнөтү, жайлоого көчүү тартиби, муниципалдык ишканага келген техникалардын тарифтери, жайыт акысы жана жергиликтүү салыктар боюнча маселелер каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Жыйынга Соң-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Мирбек Асанбай уулу, Төлөк айылынын айыл башчысы Мелис Жумалиев, өкмөт кызматкерлери, айыл тургундары жана жергиликтүү чабандар катышышты. Жыйындын негизги максаты – айыл ичиндеги тартипти сактоо, жайыт жана айдоо иштерин өз убагында жөнгө салуу, ошондой эле жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча бирдиктүү чечим кабыл алуу болду.
Жыйындын алкагында биринчи маселе катары айдоо иштерин 15 күнгө эртелетүү сунушу каралды. Бул демилге жазгы талаа иштерин өз убагында жүргүзүү, жердин түшүмдүүлүгүн арттыруу жана дыйканчылыктагы уюшкандыкты бекемдөө максатында көтөрүлдү.

Экинчи маселе катары жайлоого көчүү мөөнөтү талкууга алынды. Жыйында жергиликтүү чабандар 25-майга чейин жайлоого чыгып кетиши керектиги, ошондой эле 1-июнга чейин айыл ичинде мал кармап калбоо зарылдыгы белгиленди. Бул чара айыл ичиндеги жер айдоо иштериндеги тартипти сактоо, жайыттарды туура пайдалануу жана малдын өз убагында жайлоого чыгарылышын камсыздоо үчүн маанилүү экени айтылды.
Үчүнчү маселе боюнча муниципалдык ишканага келген техникалардын тарифтерин бекитүү маселеси көтөрүлдү. Жыйындын жүрүшүндө техникаларды пайдаланууда бирдиктүү жана так тарифтик негизди киргизүү зарылдыгы белгиленип, бул багытта тиешелүү сунуштар айтылды. Тактап айтканда техникалык иштердин бир жолку жумуш акысы 2000сом болот, эгер жумуш кылдыруучу айылдан 5км ден алыс жерден техникалык жумуш кылдыра ттурган болсо анда эмгек акысы жогорулайт же күйүүчү май менен камсыз кылып берет. Ошондой эле эки техника айына салык үчүн 20 000сомдон 40 000 сом ишканага төлөм кылып турушат.Бул чечим айыл тургундары үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү тартипке салууга жана ишкананын ишин натыйжалуу жүргүзүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди.

Төртүнчү маселе катары жайыт акысы жана мал башына берилген салык маселеси каралды. Бул багытта жайытты пайдалануудагы жоопкерчилик, малдын эсебин так жүргүзүү жана жергиликтүү бюджетке түшүүчү каражаттарды тартипке келтирүү боюнча пикирлер ортого салынды. Жыйынтыгында мал башына салык төмөнкүдөй бекиди. Айыл тургундары үчүн уйга 100сом, жылкыга 100сом, койго 20сом, топозго 300сом салык төлөнмөкчү. Ал эми сырттан келген малдарга салык жогоруда көрсөтүлгөндөн 2,5 эсе жогору болмокчу.
Бешинчи маселе боюнча таштанды жана таза суу салыгы талкууланып, бул салыктар мурунку тариф боюнча калтырылары маалымдалды. Жыйындын катышуучулары бул чечимди колдоп, учурдагы тарифтер өзгөртүүсүз сактала турганы белгиленди.

Элдик жыйындын соңунда айыл тургундары көтөрүлгөн маселелер боюнча өз ойлорун билдирип, айылдагы тартипти бекемдөө, санитардык тазалыкты сактоо, жайыттарды туура пайдалануу жана жергиликтүү маселелерди биргелешип чечүү багытында аракеттерди күчөтүү зарылдыгын белгилешти.
Бурул Майрамбек кызы