Москвадагы «АТОМ» музейинде «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын колдоосу менен уюштурулган «Билимдин муз жаргычы» эл аралык илимий-агартуучулук долбоорунун жетинчи сезонунун жеңүүчүлөрү аныкталды. Долбоордун жеңүүчүлөрү август айында «Жеңишке 50 жыл» атомдук муз жаргыч кемеси менен Түндүк уюлга эл аралык экспедицияга катышат. Быйыл сынакка Армения, Бангладеш, Беларусь, Боливия, Бразилия, Венгрия, Вьетнам, Египет, Индия, Индонезия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Монголия, Мьянма, Намибия, Руанда, Сербия, Танзания, Түркия, Өзбекстан жана Түштүк Африкадан 14–16 жаштагы 5 миңге жакын мектеп окуучусу катышты.

Эң көп арыз Казакстандан (945), Кыргызстандан (827) жана Беларустан (464) келип түшкөн.
Кыргызстандын атынан Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы №54 мектептин 8-классынын окуучусу Мээрим Турдумахаматова жеңүүчү аталып, Түндүк уюлга бара турган эл аралык экспедициянын катышуучусу болду.
Сынак үч этаптан турган. Алгач катышуучулар табигый илимдер, атомдук энергетика жана Арктика боюнча билимдерин текшерген онлайн-викторинадан өтүштү. Андан соң атомдук тармактын адистеринин вебинарларына катышып, заманбап технологиялар тууралуу билим алышты. Финалда ар бир өлкөдөн тандалган он финалист «Атомдук технология бүгүн дүйнөнү кандай өзгөртүп жатат?» деген темада чыгармачылык иштерин коргошту.
Экспедициянын жүрүшүндө окуучулар үчүн эл аралык эксперттердин лекциялары, илимий эксперименттер, мастер-класстар жана интерактивдүү билим берүү программалары уюштурулат. Бул долбоор жаштардын илимге болгон кызыгуусун арттырып, келечектеги инженердик жана илимий кесиптерге багыт берүү максатын көздөйт.
Жеңүүчү Мээрим Турдумахаматова бул жеңиш өзү үчүн күтүүсүз болгонун белгилеп, Арктиканы өз көзү менен көрүп, башка өлкөлөрдөн келген таланттуу жаштар менен таанышууга абдан кубанычта экенин билдирди.
Белгилей кетсек, «Билимдин муз жаргычы» – «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын илимий-агартуучулук долбоору. Анын негизги максаты – мектеп окуучуларынын табигый илимдерге жана атомдук технологияларга болгон кызыгуусун арттыруу, таланттуу жаштарды колдоо жана кесиптик багыт берүү.
Эл аралык тандоонун жеңүүчүлөрүнүн толук тизмеси долбоордун расмий сайты goarctic.energy порталында жарыяланган.