Кыргызстан менен Россиянын аймактар аралык байланыштары жаңы деңгээлге чыгууда. VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун жана XII Кыргызстан-Россия аймактар аралык конференциясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен Россия Федерациясынын Нижегород облусунун ортосунда маанилүү келишимге кол коюлду.

КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, эки тараптуу атайын макулдашуу соода-экономикалык, инвестициялык жана гуманитардык тармактарда өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган.

Иш-чаранын негизги багыттары жана инвестициялык потенциал
Иш-чарага КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев катышты. Ал панелдик сессияда чыгып сүйлөп, облустун экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн сунуштады.

Өкүл өз сөзүндө төмөнкү стратегиялык тармактарда ишке ашырылып жаткан долбоорлорго өзгөчө токтолду:
Өнөр жай жана энергетика: Ири өндүрүштүк кубаттуулуктарды жана кайра калыбына келүүчү энергия булактарын өнүктүрүү;
Экологиялык жактан таза продукцияларды кайра иштетүү жана экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү;
Аймактын туристтик кластердерин чыңдоо жана транзиттик-логистикалык инфраструктураны жакшыртуу.

Оренбург облусу менен күтүлүп жаткан өнөктөштүк
Нижегород облусу менен жетишилген келишимдерден тышкары, Жалал-Абад облусу тышкы экономикалык байланыштарын андан ары кеңейтүүнү пландап жатат. Сүйлөшүүлөрдүн алкагында жакынкы күндөрү Жалал-Абад облусу менен Россиянын Оренбург облусунун ортосунда да эки тараптуу кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу күтүлүп жатканы кабарланды.

Бул макулдашуулар эки өлкөнүн аймактары ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга жана маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
Даярдаган:Азема Сабырбекова