VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата Нарын ордосунда 20 боз үй тигилип, улуттук каада-салтты, маданиятты жана кол өнөрчүлүктү даңазалаган иш-чараларга даярдыктар көрүлдү.



Облус башчысынын орун басары Ж.Мамбетованын маалыматына ылайык, Нарын облусунун аймагындагы райондор жана Нарын шаары жалпы 10 кароо-сынакка катышат. Анын ичинен 4 сынак 3-сентябрда Нарын ордосунда өткөрүлөт.
Кароо-сынактарда райондор жана мекемелер төмөнкү багыттар боюнча күч сынашат:
Жумгал району – 125 боз үй менен «Хан ордосу» жана зергерчилик багытындагы сынактарга;

Нарын району – «Мыкты мейман боз үй» сынагына;
Ат-Башы району – «Мыкты даам» сынагына;
Нарын мамлекеттик университети – тери иштетүү боюнча;
Нарын облустук тарых-этнографиялык музейи – саймачылык боюнча сынакка катышат.
Мындан тышкары, ар бир райондон «Шамдагайлар» сынагына боз үйдү тез чечип, жыйноо боюнча жалпы 120 адам катышат.
Ошондой эле облустун ар бир району «Биримдик кербени» үчүн бирден боз үй тигип, көчмөндөрдүн улуттук баалуулуктарын, ынтымагын жана биримдигин көрсөтүүгө салым кошууда.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова