
«Бакай-Ата» жааматтык мультимедиа борборунда азыркы маалда беш ыктыярчы эмгектенүүдө. Алардын ичинде эң активдүүлөрү эгиздер Асан жана Үсөн Сүйүтбековдор.
Балдарга мультимедиа борбордо иштегени абдан жагат. Эгиздердин бири Асан башында дос балдарым мультимедиа борбор жөнүндө айтып жүрсө, көп маани бербечүмүн, кийин өзүм барып, көрүп жумуштун жүрүшү жагып калды, дейт.
«Себеби, жаңылык кантип жазылат, оңдоп-түзөө иштерин жакшы өздөштүрдүм. Мындан ары улантууга дагы, көп аракетимди жасоодомун», — деди Асан.
Ал эми Үсөн болсо, “мен дүйнөдөгү, өзүмдүн өлкөмдөгү жаңы жаңылыктарды, маалыматтарды угуп жашаганды жакшы көрөм. Ошондуктан, маалыматтарды элге кеңири жеткизип туруу үчүн иштеп жатам», — деп айтты Үсөн.
Ошондой эле, Наматбек айылынын тургундары Асан менен Үсөндү ыктыярчы деп гана тааныбастан, тракторлорду жакшы оңдогон балдар деп таанышат.
35 жаштагы айылдын тургуну Замир «жаш болсо да, экөө биз үчүн, абдан жакшы жумуштарды кылып атат. Кандай жумуш болбосун, техника жагынан болобу, үйдөгү жумуштар болобу, жалкоолугун көрсөтпөйт. Кандай иш айтсак дагы, чын дили менен аткарат. Мурда, маани деле бербечүүмүн, азыр болсо балдарга абдан ыраазы болдум”, — деп бөлүштү айыл тургуну.
Техникага болгон кызыгуусу балдардын кичине жашынан эле билинчү, дейт Асан менен Үсөндүн атасы Дөөлөтбек Айдаралиев.
“4-класстан бери техника менен аралашып, талаада болобу, үйдөгү жумуштар болобу, баардыгын бүтүрүп атканы чындык. Механик болобу, журналист болобу, ар бир ата-эне, жакшы окуусун, жакшы бир жумушту өздөштүрүп кетүүсүн каалайт. “Эр жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” демекчи, ошол жетимиш өнөрдү алып жүргөндөрдүн бири болсун”, — деген тилегин айтты эгиздердин атасы Айдаралиев.
Балдардын апасы Калипа эже, болсо Асан менен Үсөндүн техникага кызыгуусун жактырат. Бирок алардын кылып жаткан жумушу ден-соолуктарына зыян экенин билдирип кетти.
“Алар күн суук болобу, караңгы болобу, ач болобу, ток болобу, жумушка кызыгып кетишет да, иштешип жүрө берет”, — деп тынчсызданат апасы.
Асан менен Үсөндүн кызыгуусу жалаң гана ыктыярчылыкта жана техникада эмес. Балдар сапаттуу музыканы укканды, жана гитарада ойногонду жакшы көрүшөт.
Даярдаган: Аман Макышов
Сынак үчүн