Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгына карата өлкө аймактарында ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн 42 жаңы имарат аралыктан ачылды. Алардын үчөө Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жайгашкан. Тактап айтканда, Кош-Дөбө, Ак-Кыя жана Ак-Тал айылдарында милициянын аймактык пункттарынын жаңы имараттары салтанаттуу түрдө ачылып, пайдаланууга берилди.




Жаңы имараттар милиция кызматкерлеринин иштөө шарттарын жакшыртууга, жергиликтүү тургундар менен байланышты бекемдөөгө жана айылдардагы коомдук коопсуздукту камсыз кылууга багытталган.
Аймактык пункттардын ачылышы айыл тургундары үчүн милиция кызматкерлерине кайрылууну жеңилдетип, укук бузуулардын алдын алуу иштерин жеринде жүргүзүүгө шарт түзөт.
Даярдаган: М.Тентиева