
Куланак айылындагы Аралбаев орто мектебинде Жаңы жылдык кече белгиленди. Балаты майрамын 25-декабрда башталгыч класстар ачып беришсе, 29-декабрда 9-11- класстар стол даярдашып, майрамдык маанайда жыйынтыкташты.
Майрам сынак түрүндө болуп, мыкты номерлер аныкталды. Жаңы жылдык майрамды Аяз ата жана Аяз кызсыз элестете албагандай эле, бул кечеде да алар майрамдын көркүн ачышты.
Адатка айлангандай, окуучулар балатыны айланып бийлеп, Аяз ата, Аяз кыз менен сүрөткө түшүштү.
0-а класстын класс жетекчиси мектеп окуучуларын Жаңы жылга биринчи жолу даярдантканын айтты.
«Классымда жалпы 32 окуучу бар. Албетте, аларды даярдоо оор эле болду. Бирок окуучуларымдын кызыгуулары жана аракеттери менен бат эле даярдандык», — дейт Наргиза Капысова.
Быйылкы кечени өзгөчөлөнтүп уюштурууга 11-класстын кошкон салымдары чоң деп айтууга болот. Бүтүрүүчүлөр Индия киносунундагы Ананди менен Жагдиштин ролун аткарышып, көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурду.
29-декабрда жогорку класстардын майрамдык кечеси болуп ал жакка
мугалимдер чакырылды. Атайын даярдалган номерлерден соң, бардыгы ортого түшүп чарчаганча бийлешти.
9-классынын окуучусу Земфира Бусурманкулованын эң сүйүктүү майрамы — бул Жаңы жыл.
«Бүгүнкү күн абдан шаңдуу өтүп жатат. Баардыгы жакшы. Жаңы жылыңыздар менен», — деп куттуктайт Земфира.
Аталган мектептин директору Чынара Абдыкадырова 2015-жыл жакшы өткөнүн айтат.
«Жаңы типтүү ашкана ишке киргизилди, заманбап даараткана ачылды. Ошону менен эле бирге демөөрчүлүк кылгандар да көп болду. Спорт боюнча окуучуларыбыз, мугалимдерибиз да байгелүү орундарга ээ болушту. Бүтүрө албай жаткан иштерибиз 2015 -жылы жакшы жыйынтык менен аяктады», — деп билдирди Абдыкадырова.
Келе жаткан жыл да жакшы жаңылыктарга бай болуп, мектептин мындан аркы иштери алга жылсын. Эң негизгиси — окуулар жакшы окуп, ийгиликтерге жетишип, жалпы кыргыз элине тынччылык, молчулук, бакубат жашоо каалап, маймыл жылы берекелүү жылдардан болушуна тилектешмин.
Автор: Самара Рыскелдиева
Сынак үчүн