Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Сугат суу маселеси чечилиши мүмкүн.

Кочкор райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан 3 даана кудукча ишке киргизилди жана ошону менен бирге жер алдындагы сууларды пайдалануу үчүн, учурда коллекторлуу -дренаж түйүнүн куруу үчүн долборлоо иштери жүрүп жатат.
Ошондой эле Кочкор районун сугат суусу жана суу менен камсыз кылуу үчүн Чолпон айыл өкмөтүндө 8 кудук куруу каралууда.
Сугат суунун аздыгынан дан азыктарынын, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмү төмөндөп, малды тоют менен камсыз кылуу начарлайт. Ошондой эле малды бакканга кеткен чыгым да көбөйөт. Бир нече жылдар мурун сайдагы көпүрөнү алып кетип, көчөлөрдөн суу тынбай агып, бир өйүздөн экинчи өйүзгө араң өтүп жүрсөк, азыркы күнү климаттын  өзгөрүшү менен жайында суу тартыштыгы чоң болуп келет. Бул көйгөйдүн чечилиши үчүн кандай аракеттер жасалып жатканына кызыгып көрдүк.

Чолпон айылынын тургуну Канат Мамбетакунов 

Канат Мамбетакунов: Айылыбыздагы көйгөйлөрдүн бири бул — суу маселеси. Суунун жетишсиздигинен улам бакчадагы бактар куурап жатат. Башка айылдарга салыштырмалуу Чолпон айылы чаң болуп, бозомтук тартып, канча бир жылдан бери огороддор жакшы иштетилбей, суу жок убара тартып келебиз. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү төмөндөгөн. Жеке эле бакча эмес, талаадагы айдаган эгиндер жакшы түшүм бербей, көп жылдык чөптөр да 1-2 жылдан кийин суунун жетишсиздигинен чыкпай калууда. Жакшы түшүм ала албай сатып алып жатабыз. Сатып алуу болсо биздин, элдин акча каражатына зыян тийгизет.
Мурун тогуз насос иштеп айылды суу менен камсыз кылып келсе, кийин союз таркаган соң иштебей элибиз бушайман болду.
Ушул көйгөйдү айыл өкмөтү союз таркагандан бери мамлекеттик деңгээлде жүгүрүп чече албай келүүдө.
2022-жылдын 12-сентябрда Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары А.А. Касымалиевдин Кыргыз Республикасынын башкы прокурору К.Т. Зулушевдин жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри У.О. Ниязбековдун Кочкор районунун эли менен болгон жолугушууда сугат суу көйгөйү туураалуу айтууга жетиштим. Айтылган маселе боюнча Айыл Чарба министрлигинен жооп иретинде кат келди.
Бул катта төмөнкүлөр айтылган «Министрликке караштуу Суу ресурстары кызматынын маалыматына ылайык, Чолпон айыл өкмөтүнүн “Поворот” участкасында сугат жерлери суу өзөнүнүн ылдыйкы аймагында жайгашкандыгына байланыштуу кайрылуудагы маселе жаралууда. Көтөрүлгөн маселени чечүү максатында, Кочкор райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан 3 даана кудукча ишке киргизилди жана ошону менен бирге жер алдындагы сууларды пайдалануу үчүн, учурда коллекторлуу -дренаж түйүнүн (болжолдуу 5-6 километр аралыкка) куруу үчүн долборлоо иштери жүрүп жаткандыгы тууралуу маалымдайбыз.
Ошондой эле Кочкор районун сугат суусу жана суу менен камсыз кылуу үчүн Чолпон айыл өкмөтүндө 8 кудук куруу каралууда.»
Биз өзгөчө, жогоруда айтылган дренаж түйүнүн салууга көп басым жасашыбыз керек. Себеби ал табигый жердин астынан чыгат. Жер астынан чыккандыктан бул электр-энергиясын талап кылбайт. Жаратылыштын берген суусу.

Буюрса жылыштар бар. Менин айтаарым жалпы эл өзүбүз ынтымакка келип, эч бөлүнбөсөк колубуздан баары келет. Биздин айылда деле колунда бар, өз айылы үчүн аракет кылууга мүмкүнчүлүгү бар байке, эжелерибиз да бар. Барыбыз биргеликте аракет кылсак баары өзгөрөт. «Ыйлабаган балага эмчек кайда» демекчи өзүбүз аракеттенбесек, башка бирөө келип бизге жардам бербейт.

Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы Урмат Өмүрбеков: «Бардык жерде суу эң чоң көйгөй. Ал көйгөй биздин Чолпон айыл аймагында да жок эмес. Чолпон айылынын огороддоруна, сугат жерлерине суу жетишсиз. Суунун аз болушуна климаттын өзгөрүшү, мөңгүнүн азайышы да чоң таасирин тийгизип жатат. Ошондой эле элдер сууну рационалдуу жана эффективдүү пайдаланууну сактабай жаткандыгы таасирин тийгизүүдө.
Сугат сууну Кара кол жана Сөөк суусунан алчубуз. Бизден жогору жайгашкан эки айыл өкмөт бар. Алар СПА(Суу пайдалануучулар Ассосациасы) тарабынан, канал, сооруженияларын оңдоп, сууну пайдаланып келишет. Алардан суу ашпай, бизге берилбей келе жатат.

Дал ошол суу жок болгондуктан тике суу насосторуна 10 кудук проектини киргизгенбиз. 4 кудук Чолпон айылына, 3 кудук Эпкин айылына, калганы Осоавиахим айылына курулат. Бул кыргыз өкмөтүнүн кароосунда турат. Ушул проекти ишке ашат деген ойдобуз. Себеби ирригация системасына суу менен камсыз кылууга мамлекет көңүл буруп жатат. Ошондой эле былтыр суу аз болгондуктан Ара-Көл суу сактагычы толбой калды. Бирок быйыл суу мол болуп, тоңдурма көбүрөөк болду.
Союз кезинде Чолпон айылынын башында «Тогуз кудук» деген жерде насос менен суу чыгып турчу. Ошол суу менен Чолпон айылынын тургундары эгиндерин, сугат жерлерин сугарып алышчу. Союз таркагандан кийин ал жер тонолуп, талкаланып, жоголуп кеткен.
2019-жылы 3 кудук кайрадан курулган. Быйыл Кочкор райондук суу чарба башкармалыгына кабыл алынып иштетилмей болду. Себеби насосту өзүбүз иштеткенде электр энергияны көп талап кылгандыктан, ар бир гектарды сугаруу үчүн 2000 сомдон төлөп келишкен. Эми буюрса сугат сууга арзанырак төлөшөт.
Дагы бир долбоор менен иштеп жатабыз. Айыл чарба министрлиги колдоп, долбоорлоо ишине акча бөлүп берген. Долбоорло иши аяктаса, инвестор издеп, жасаганга аракет кылабыз. “Орток” деген жердин астынан 1-2 метр дайым суу болот экен. Ошол суу жабык траншея аркылуу, полуэтиленовый труба менен тешик мембрана кылып үстүнөн жабылат жана каналдын башына чейин келет. Буюрса бул долбоор да ишке ашат деген ниеттемин.
Туз айылына жасалма мөңгү курулду. Кышы бою тоңгон суу жазында эрип сугатка кошумча суу болот.

Туз айылына жасалма мөңгү курулду

Мен иштегенден бери дагы бир долбоор тууралуу айтып келе жатам. Бул мамлекеттик деңгээлде чечилчү нерсе, айыл өкмөт, райондун деңгээлинде чече албайбыз.Тегирмендин сазына суу сактагыч курулса, биздин айыл өкмөттүн айылдары сугат суу менен камсыз болмок. Кышында Орто-токойго кетип жаткан суу, Кызыл Дөбөдөн бурулуп Узун Булактын Ички Кызарт менен келип сазыбызды сууга толтуруп бермек. Бул долбоор ишке ашса абдан жакшы болмок.

Кышында Орто-токойго кетип жаткан суу менен, суу сактагыч толот эле.

Мамлекет үрөөнчүлүктөн жардам бергендиктен дээрлик көпчүлүк айдоо аянттары айдалды. Суу дагы кичине ирээтке салынып жетиштүү эле болду. Жылдагыга караганда түшүмүбүз 2%га көбөйдү. Дан эгиндерибиз жакшы болду бирок чөп начарыраак болуп калды. Анткени климат өзгөрүп, жаан-чачындын жоктугунан.
Биздин негизги киреше табуучу тармагыбыз мал чарбачылыгы. Кочкор району ошол Кочкор районунун ичинен Чолпон айылынын 85 проценти мал багуу менен алектенишет. Дал ошол малды багыш үчүн жерди иштетишибиз керек. Биздин сугат сууларыбыз аз болуп, түшүмүбүз жеткиликсиз болуп калса, бизге экономикалык жактан чоң таасирин тийгизет. Ошондуктан элдер дагы көңүл кош мамиле жасабай, сууну рационалдуу колдонушса жакшы болмок. Бул боюнча биз көптөгөн түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Суунун тартыштыгы бир канча көйгөйлөрдү жаратып жатат.
Илим өнүккөнүнө байланыштуу ар түрдүү органикалык удобрениялар чыгып жатат. Сугат суунун тартыштыгында пайдаланса болот. Өзүм «глицерол» удобрениясын колдонгом. Биринчи жер сугатын сугарып, айдап, глицерол удобрениясын эки жолу септим. Жакшы, кадимкидей эле түшүм алдым. Анын ар кайсы нерселерге түрдүү комплекстери бар. Отоо чөпкө, ооруларга дагы каршы колдонулат. Глицерол удобрениясы өсүмдүктүн өзү менен сиңип, тамырын чоңойтот. Ал түнкүсун шүүдүрүм учурунда керектүү нымдуулукту чогултуп алат. Азыр атайын удобрениялар үчүн трактор сепкичтер бар».

Кочкор райондук СПАларды колдоо бөлүмүнүн координатары Салтанат Кожогулова:Чолпон айыл өкмөтүндө 2004-жылы Суу пайдалануучулар Ассоциациясы (СПА) түзүлгөн. 2500 гектар Осоавиахим, Чолпон, Туз, Ара-Көл айылдары кирген, ал эми Узун-Булактын өйдөкү зоналары кирген эмес. СПА түзүлгөндөн бери 20 жыл болду, бирок Чолпон айыл өкмөтү боюнча иш жылбай жатат. Буга чейин 100 миллион сомго инвестиция тартып район боюнча 5 СПА иштерди жүргүздүк. Ошондо Чолпон айыл өкмөтү тарабынан колдоо болбой, элди уюштуруу жагы жок болду.
Чынында эле суунун жоктугунан улам Чолпондун абалы өтө оор. Каракол, Сөөк өзөндөрүнө суу түшмөйүн Чолпондун поворот участкасы күйүп кетүү коркунучунда калат. Оро-Башы, Туз, Ара-Көл айылдары өзүнүн корундусуна суу түшөт, Туздан суу түшөт, ошол менен чыгып кетишет. Союз учурунда 13 скважина менен суугарылчу. Аны 1990 — 1992 жылдары пересстройка болгондо талкалашкан. Ак-Учук, Оро-Башыдан суу бөлүп келүү аябай эле оор. Чолпондун сугат суусунун проблемасын бирден бир чечилиши Сөөк деген өзөнгө суу сактагыч куруу. Кышында Сөөк өзөнүнөн суу агып анан жерге сиңип кете берет же сайга кышында керек эмес убакта түшөт. Анан ошонун баарын эсептеп ноябрь, декабрь, январь, февраль, март айларында 4,5 миллион кубтук суу сактагычка суу толсо болот. Анан ошол суу менен айдап, себүү иштери бүтүп калмак.
Талаа-Булак жана Кара-Суу айыл өкмөтүндө 8,500 гектар жер бар. Көбү ойлошот өйдө жактагы зонадагылар сууну тосуп алышат деп, алардан суу артпайт. Ал жактан дагы кошумча труба мн суу алып келели деген проект жазышкан. Бирок өзөнгө суу түшмөйүн ал деле эч нерсени чечпейт. Токойдун ичинен дренаждын суусун казып алуу боюнча бир проект жазап атышат. Балким ошонун аркасында Чолпон айылынын проблемасы чечилип калышы мүмкүн. СПАны азыр айыл өкмөтүнүн менчигине өткөрүүчү маселе көтөрүлүп жатат. Эгерде айыл өкмөткө өтсө каналдарды оңдогонго ошол жактан акча бөлүнөт. Азыр СПА менчик болгондуктан мамлекет бюджеттен дагы финансылык жактан акча бөлгөнгө мыйзам жооп бербейт.