Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Сынак

Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынак

Ким катыша алат?
Сынакка төмөндө тизмеге кирген 14 жамааттык мультимедиа борборлорунун (ЖМБ) кабарчы-ыктыярчылары катыша алат. Тизмеге кирбей калып, бирок журналистика мектебинде катышууну каалаган ЖМБларга биз менен жекече байланышып, толук маалымат алууну сунуштайбыз.

Баткен облусу
1. Андарак, “Сумбула FM” ЖМБ
2. Үч-Коргон, “Үч-Коргон” ЖМБ Талас облусу

Жалал-Абад облусу
3. Ооган-Талаа, “Ооган-Талаа” ЖМБ
4. Терек-Суу, “Ак-Бакай” ЖМБ Чүй облусу

Нарын облусу
5. Баетов, “Тун-Ук” ЖМБ
6. Куланак, “Куланак” ЖМБ
7. Учкун, “Учкун” ЖМБ Ысык-Көл облусу

Ош облусу
8. Куу-Майдан, “Кеңеш-Нуру” ЖМБ
9. Кызыл-Булак, “Кызыл-Булак” ЖМБ

Талас облусу
10. Бакай-Ата, “Бакай-Ата FM” ЖМБ

Чүй облусу
11. Жал, “Жал” ЖМБ
12. Кара-Суу, “Ак кептер” ЖМБ

Ысык-Көл облусу
13. Тасма, “Нур FM” ЖМБ
14. Токтоян, “Токтоян” ЖМБ

Сынактын шарттары кандай?

Сынакка тизмеге кирген 14 ЖМБдан төмөнкү үч багытта жаңылыктар кабыл алынат жана ошол эле үч багыт менен чектелбейт. Айылга түз же кыйыр тиешеси болгон башка кабарларды да жарыялоого уруксат берилет.
1. Айылдагы чыгаан инсандар
2. Айылдын көйгөйлүү маселелери
3. Айылдын өзгөчө жайлары

Сынакка 2015-жылдын 15-апрелинен тартып 31-майына чейинки даярдалган жаңылыктар кабыл алынат. Ал үчүн ЖМБнын кабарчы-ыктыярчылары жаңылыктарын жазып kyrgyzmedia.com сайтына чыгарышы керек. Жаңылыктын аягында сөзсүз “Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка” деп белгилениши зарыл. Тизмеге кирген ар бир ЖМБда эң көп балл чогулткан кабарчы жеңүүчү деп табылып, “Клооп Медиа” коомдук фондунун Бишкектеги журналистика мектебине катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Баллдар кандай эсептелет?
Бир жаңылык сүрөттекст жана аудио менен коштолушу керек.
Сүрөт 3-5 даана: 1 балл
Текст (кеминде 10 сүйлөм): 1 балл
Аудио 2-3 мүнөт: 1 балл
Баары биригип 3 балл.
Бир жаңылык (текст, сүрөт жана аудио) — 3 баллды түзөт. Бир жаңылык 3-5 сүрөт менен коштолушу керек. Тексттин көлөмү теманын мазмунун ачып берүүсү шарт. Ал эми аудио ошол эле тексттик жаңылыктын аудио версиясы болушу керек.

Видео материал жасоо сынактын шарттарына кирбейт. Эгерде кабарга видео да кошулса, анда видео үчүн авторго 1 балл берилет. Видеого коюлган шарттар: 2-3 мүнөт. Теманын мазмунун ачып берүүсү зарыл.

Маанилүү: Эгер жаңылык бир даана сүрөт менен коштолсо, же сүрөт темага тиешелүү болбосо, жаңылыктын мазмунун текст менен ачылып берилбесе жана аудио версиясы даярдалбаса, анда баллдарды эсептөө төмөнкүдөй жүргүзүлмөкчү.
• Сүрөт талапка туура келбесе, 1 балл жаңылыктан кемитилет.
• Текст теманы ачып бербесе 1 балл жаңылыктан кемитилет.
• Аудио даярдалбаса 1 балл жаңылыктан кемитилет.

Мисалы: Бир жаңылык тексти жана аудиосу менен даярдалып, бир даана сүрөт менен коштолсо, же сүрөтү жок болсо, анда бул кабардын авторуна 2 балл берилет.

Эгерде бир жаңылыкты эки же андан көп кабарчы биргелешип даярдаган болсо, анда ошол кабар үчүн берилген балл авторлордун ортосунда бөлүштүрүлөт. Ошондуктан ар бир даярдалган жаңылыктын аягына анын автор(лор)унун көрсөтүлүүсү зарыл.

Журналистика мектеби качан башталат?
15-июнь, 2015-жыл
Бишкек шаары, Клооп Медиа коомдук фондунун кеңсеси (Огонбаев көчөсү 222)
Мектеп алты аптага созулат.

Журналистика мектеби эмне берет?
– Журналистика мектебинде атайын даярдалган тренерлер сабак өтөт
– Эл аралык чыгаан журналисттер менен жолугушуулар жана мастер-класстарга катышуу мүмкүнчүлүгүн берет
– Катышуучулар көптөгөн кесипкөй адистер менен таанышып байланыш түзө алат жана дүйнө таанымын кеңейтет
– “Клооп Медианын” студенттери медиа чөйрөсүндөгү акыркы профессионалдык жабдыктарды колдонуу мүмкүнчүлүгүн алат
– Журналистика мектебин ийгиликтүү аяктаган катышуучуларга сертификат тапшырылат
– Мектептин аягында катышуучулар тренердик жөндөмдөрүн өнүктүрүп, өз жамааттык мультимедиа борборлоруна тренер болуп барышат

Журналистика мектебинин катышуучусунун милдеттери
Журналистика мектебин аяктаган ар бир катышуучу өзүнүн 36 айылдашына кантип жаңылык жазуу керектигин үйрөтүүсү зарыл.

“Клооп Медиа” коомдук фонду тизмеге кирген 14 ЖМБлардын эң көп балл чогулткан катышуучуларына Бишкекте уюштурулуучу журналистика мектебинде акысыз билим берип, келип кеткен жол киресин, жатаканасын каржылайт жана аларга стипендия бөлүп берет.

Сынактын жыйынтыгы 2015-жылдын 1-10-июнь аралыгында чыгарылмакчы.

ТИЗМЕГЕ КИРБЕЙ КАЛГАН БАШКА ЖАМААТТЫК МУЛЬТИМЕДИА БОРБОРЛОРУНУН КООРДИНАТОРЛОРУ ЖУРНАЛИСТИКА МЕКТЕБИНДЕ КАТЫШУУНУНУН ШАРТТАРЫ МЕНЕН ТААНЫШУУ ҮЧҮН БИЗГЕ БАЙЛАНЫШУУНУ СУНУШТАЙБЫЗ.

Биз менен байланышуу үчүн:
Кызжибек Сыргаева
“Клооп Медиа” коомдук фондунун журналистика мектебинин координатору
[email protected] + 996 556 090 004

Элмурат Аширалиев
“Клооп Медиа” коомдук фондунун координатору жана редактору
[email protected] +996 777 932 980