Ак-Бакай медиа борборунун кабарчысы Айданек Жусупбекова кызыл аттестат алып, ЖРТдан 157 упай топтоду
Ак-Бакай медиа борборунун жаш кабарчысы Айданек Жусупбекова мектепти ийгиликтүү аяктап, 11-классты өзгөчө үлгүдөгү (кызыл) аттестат менен бүтүрдү. Мындан тышкары, Жалпы республикалык тестирлөөдөн (ЖРТ) 157 упай топтоду.