Ысык-Көл облусунун Түп районунун Тасма айылындагы беделерди «Түнкү үкү» курту жеди. Анын айынан 250га дай жер жабыр тартты. Айылдык дыйкандар дары чачып абалды убагында токтотушту.
Түп районунун Чоң Тогузбай айылында малга тоют катары беде чөптү коп өстүрүшөт. Быйыл былтыркыга салыштырмалуу беденин түшүмү 4-5 эсеге мол болгонун дыйкандар айтууда.
Чүй облусунун Жайыл районунун дыйкандары беденин уругун алууну аяктап жатышат. Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айылында да тургундар бул ишти аяктоодо.
Быйыл Нарын облусу боюнча чөптүн баасы былтыркыдан кескин түрдө өзгөрүп 170 сомдон, 200 сомго чейин жетти. Буга себеп быйыл күндүн ысыктыгыган суу тартыш болуп чөптөр куурап калгандыгында жана малдын да …