Нарын районуна карашту Куланак айылында А.Аралбаев мектебинин окуучуларынын китептерин толуктоо максатында флешмоб уюштурулду. Учурда алгачкы чогулган акчаларга китептер алынды.
Тогуз-Торо районунун айыл аймактарында “Парктар жүрүшү-2019” жумалыгында үй –бүлөлүк спорттук эстафета жана Манастагы биоартүрдүүлүк флешмобу өткөрүлдү.