Нарын районунун Оттук капчыгайында жайгашкан Кара-Үңкүр аймагында учурда беш түтүн жашайт. Алардын жашоо турмушу татаал болсо дагы ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жетишишкен. Тургундар бара-бара бул аймактан көчүп кетүүнү каалашат.
Нарын облусунун эң кооз жерлеринин бири Долон ашуусундагы «Оттук капчыгайы». Капчыгайда ар түркүн жаныбарларды, дары өсүмдүктөрдү, канаттууларды кездештирүүгө мүмкүн. Жайкысын бул аймакта жайлагандар көп. Туристтерге, меймандарга жаратылыш койнунда эс алууга …