Интернеттин көптөгөн артыкчылыктары бар. Бирок, аны менен катар ар бир адам киберкуугунтуктун же социалдык медиада шылдыңдоонун курмандыгы болуп калышы мүмкүн. Алдыда, биз сиздерге кибербуллинг же интернеттеги мазактоо тууралуу айтып беребиз.
Социалдык медиада коопсуздук боюнча маалыматтар терс маанайда. Бирок бул биз аларды колдонбошубуз керек дегенди билдирбейт. Болгону айрым эрежелерди сактоо менен ар кандай шылуундардын торуна илинбей өзүбүздү коргоп алсак болот.