Майлуу-Суу шаарынын 8-классынын окуучусу Түндүк уюлга барып келди
Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы №54 мектептин 8-классынын окуучусу Мээрим Турдумахаматова «Росатомдун» эл аралык илимий-агартуучулук «Билимдин муз жаргычы» экспедициясына катышып, Түндүк уюлга барып келди.