2-сентябрда Ак-Талаа районундагы аймактык ооруканадан пневмония менен жабыркаган акыркы бейтап сакайып чыкты. Бейтапты дарыгер жана медайымдар жакшы каалоо-тилектерин билдирип узатышты.
Ак-Талаа районунда өлкөдөгү өзгөчө кырдаалга байланыштуу коюлган Ак-Тал блокпостунда элдин коопсуздугу үчүн тиешелүү кызматтар күн-түн иштеп жатышат.
Ак-Талаа районунда учурда таажылуу вирусту алдын алуу максатында мекеме-ишканалар, билим берүү мекемелери, ооруккана, базарлар жана эл ташуучу коомдук унаалар райондук санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору менен келишимдин негизинде мезгили-мезгили менен дезинфекцияланууда. …