Тиш дарыгер: Ковидге чалдыккан бейтаптын тишин дарылоодон кооптонбойм
Жаш-карысына карабай тиши ооруган адамдар миңдеп саналат. Өлкөдө болуп жаткан эпидемиологиялык абалдын курчушунан, тиш дарыгерге барып көрүнүү кооптуудай сезилет. Алыскы айылдарда пандемия учурунда тиш доктурлар тынымсыз иштеген.