Куртка-Соң-Көл унаа жолу тазаланды
Ак-Талаа районундагы акыркы күндөрү жаагандан жаандан улам Куртка-Соң-Көл унаа жолундагы айрым жол тилкелерин кыян алып кеткен. Натыйжада тоодон суу менен агып түшкөн шагыл Молдо-Ашуусундагы жолду жаап, унаалардын өтүүсүнө тоскоолдук кылган.