Тогуз-Торо: Олимпиадага окуучуларды ат менен жеткирген агайлар сыйланды
Тогуз-Торо районундагы Э.Касымалиев атындагы орто мектебинин 15 окуучусу кыштын катаал шартына карабастан, ата-энелеринин макулдугу менен агайларынын коштоосунда ат минип барып, райондук олимпиадага катышып келишкен.