Нарын районундагы Учкун айылынын тарых сабагы боюнча мугалим, тирбия иштери боюнча директордун орун басары Нурсултан Асанбеков «Санарип мугалим» Республикалык сынагынан 3-орунга ээ болду.
Региондордогу шайлоонун жүрүшү тууралуу билүү максатында Нарын районундагы №4052 — Учкун шайлоо участогунун төрайымы Майрамкүл Мүдүнова менен маек курдук. Төрайым бизге бул шайлоонун мурдакылардан айырмасы тууралуу айтып берип, шайлоочуларда кандай …
Учкун айылында Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинде «Мистер жигит» аттуу сынак өткөрүлдү. Сынакка 8-9-10-11-класстын окуучулары катышып, жеңүүчүсү деп Айтаалы Эркинбек уулу табылды.
Нарын районуна караштуу Учкун айылында эски мектеп оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, терезе эшиктери толук бойдон алмаштырылды. Мектепти жаңылоо ишин мугалимдер демилгелеп, өз каражаттарына оңдошкон.
Нарын районундагы Учкун айылында райондук деңгээлдеги «Манас таануу» теле таймашы өткөрүлдү. Сынак билим берүү жана илим министрлиги, Коомдук телерадио берүү корпорациясы жана «Саякбай манасчы» коомдук бирикмесинин колдоосу менен уюштурулган. Аталган …
Нарын районуна караштуу Учкун айылынын негизги көчөсүнө жарык бергичтер орнотулду. Ал көчөдө көпүрө жайгашып, Учкун айылынын эки бөлүгүн бириктирип турат. Буга чейин ал жер караңгы болгондуктан, ар түрдүү кырсыктар катталчу.
Нарын районундагы Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинде мамлекеттик туу күнүнө карата окуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Желектин маанилүүлүгү, анын чечмелениши тууралуу окуучулар чакан иш- чара уюштурган.
Нарын районуна караштуу Учкун айылында көп жылдан бери таза суу жеткиликсиз. Учурда ичип жаткан суунун сапатын лабораториядан текшерткенде ичүүгө жараксыз деп табылган. Тургундар бул көйгөйдү өз каражаттары менен чечүүгө бел …
Нарын облусундагы Учкун айылдык Эшбай Токсобаев орто мектебинде «Мыкты мугалими- 2021» конкурсу өткөрүлдү. Аталган сынакка мектептин 13 мугалими катышты. Жыйынтыгында баш байгени башталгыч класстын мугалими Гүлшара Жакишова жеңип алган.
Нарын районундагы Учкун айылында айылдык активист жарандардын демилгеси менен лотерея ойнотулду. Лотереяга катышууга билеттин баасы 2500 сомду түзүп, жалпы 150 адам катышты.
Нарын районунун Учкун айылында бүгүн 29-янбарда “Учкун” жамааттык мультимедиа борборунда журналистика тармагына кызыккан жаш волонтёрлор үчүн тренинг өтүлдү. Тренингдин максаты жаш журналистерге макала жазуу жана сүрөт, видеону туура тартууну үйрөтүү …
Нарын районундагы Учкун айылында 1720дай шайлоочу тизмеде катталган. Бирок, алардын 45 пайызга жакыны (766 адам) гана шайлоого катышты. Ал эми тизмеге кирген 955 адам шайлоого келген эмес. Айыл боюнча шайлоонун …
Нарын райнуна караштуу Учкун айылында тургундар эс алып, муз тебүүсү үчүн муз аянтчасы ачылды. Аянтчаны айылдын тургуну Мирбек Карабалаев ачкан. Муз аянчаны ачуу үчүн көп деле каражат кетпегени менен, чоң …
Нарын районуна караштуу Эшбай Токсобаев атындагы орто мектептин «Шер баян тобу» КТРКнын Манас таануу сынагынан баш байгеге ээ болду. Команданы кыргыз тил, адабияты сабагынын мугалими Гүлмира Жумагулова даярдаган. Бул сынакка …
Учкунда «Салам Нооруз» аттуу балдар бакчасынын тарбиялануучулары концерт коюп беришти. Элдин саны көп болуп 50 сомдук билеттер бат эле сатылды.
Бүгүн №2-вет борбор шайлоо участкасындагы 20 талапкер баары күн мурун белгиленгендей шайлоочулар менен кварталдарда жолугушуу өткөрүштү.
Ак-Талаа районунун Конорчок айылында “ Компаньон” микрокредиттик компаниясынын демилгеси менен “ Айыл алга” деген аталышта Алма фестивалы болуп өттү. Фестивалда Конорчок айылында өсүүчү жашылча жемиштин жана алманын бир канча сорттору …
Айылдын Түндүк тарабында мурда иштетилип, бирок бүгүнкү күндө пайдаланылбай турган бассейн жайкысын элдер сууга түшүүчү бассейн жана кышкысын муз тебүүчү жай катары кайрадан жасалууда.
Бүгүнкү күндө Баетов айыл аймагында бодо малдын карасан оорусу көп кездешип жатат. Ушул оорудан улам жашоочулар баккан малдарынан кол жууп калышууда.