Ат-Башы районуна караштуу Ой-Терскен орто мектебинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туу күнүнө жана Ак калпак күнүнө карата бир катар иш-чаралар уюштурулду.
Нарын районуна караштуу Абдылда Аралбаев атындагы орто мектепте Туу күнү белгиленди. Бул даталуу күнгө мектептин 10-б классы даярданып, окуучуларга линейка коюшту.
Кара-Суу айылынын жаштары Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун боюнда жайгашкан районубуздагы эн бийик желекти чечип жаныртышты.
Нарын районундагы Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинде мамлекеттик туу күнүнө карата окуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Желектин маанилүүлүгү, анын чечмелениши тууралуу окуучулар чакан иш- чара уюштурган.