Ат-Башы районуна караштуу Ой-Терскен орто мектебинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туу күнүнө жана Ак калпак күнүнө карата бир катар иш-чаралар уюштурулду.
Бул тууралуу маалыматты аталган мектептин тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары Мээрим Раманкулова билдирди.

Ак калпакты окуучу балдардын бардыгы кийип келишкен
«Бизге Билим Берүү Министрлигинен келген тапшырмага ылайык Мамлекеттик Туу жана Ак калпак күнүнө карата иш-чараларды уюштурдук.

Башталгыч класстар уюштурган флешмоб

Анын негизинде ачык сабактар өтүлүп, башталгыч класстардын окуучулары менен флешмоб уюштурулду. Андан тышкары линейкада Туу жөнүндө жана Ак калпак жөнүндө маалыматтар берилди. Ал эми китепканада жаш окурмандар менен бирге Туу күнүнүн маанилүүлүгү талкууланды.

Туу күнүнө карата ачык сабактар өтүлдү

Жаш окурмандар дагы Туу күнүн белгилешти
Мындай иш-чаралар биз жылда уюштурабыз жана аны уюштуруу абдан маанилүү. Балдар Туунун жана калпактын маанисин түшүнүп, анын баалуулугун билишет. Бул нерсе патриоттуулукка тарбиялайт.»

Мектеп жамааты майрамдык маанайда
Асел Үркүнбаева