3-март — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгы салтанаттуу белгиленди.Иш-чара жөө жүрүш менен башталып, ага райондогу ишкана, мекемелердин эмгек жамааттары, шаар тургундары катышты.


Майрамдык иш-чара борбордук аянтта уланып, райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев иш-чаранын катышуучуларын Мамлекеттик туу күнү менен куттуктап, санжыралуу тарыхы бар кыргыз мамлекетибиз, байыркы элибиз үчүн туу өзгөчө мааниге ээ экенин, Мамлекеттик туу — бул биздин улуттук сыймыгыбыз жана символубуз катарында ар бир кыргызстандыктын Ата Мекенге болгон сүйүүсүн жана жоопкерчилигин ойготуп турарын белгиледи
.
Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы С.Кылдановдун, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Боржуеванын куттуктоо сөздөрү жана Н.Бримкулов атындагы мектеп-гимназиясынын тарых мугалими М.Шамшыбекованын маалыматы угулду.

Майрамдык иш-чара райондук маданият бөлүмүнүн концерттик программасы менен коштолду.
Даярдаган: Азема Кудуева.