Бакай-Ата айылында баскетбол боюнча мелдеш болуп өттү. Ага төрт мектеп катышып, Ленин орто мектебинин окуучулары жеңишке ээ болушту.
Мелдештин башкы максаты — жаш өспүрүмдөрдү спортко чакыруу жана окуучулар арасында ынтымакта болуу. Мындай ниет менен муну дене тарбия мугалимдери биргеликте өткөрүшкөн.Дене тарбия мугалими Эльдияр Кеңешбек уулу мектеп директору Курманбек Мамбеталиев колдоо көрсөткөнүн билдирди.»Жакында бир гана баскетбол оюнунан токтолбостон башка дагы спорт түрлөрүнөн мисалы, шахмат, тогуз коргоол, тенис жана башка спорт оюндары боюнча мелдеш өтөт. Бүгүн биздин мектеп биринчи орунду алды”, — деп токтолду Кеңешбек уулу.
Мелдештин соңунда баскетбол боюнча алдыңкы орунду Бакай-Атадагы Ленин орто мектебинин окууучулары болду. Айдана Орозбекова баскетбол курама командасынын капитаны болуп, өзүнүн тобун алдыга сүйрөп чыкты.
“Бул мелдешке даярданганыбызга көп эле болду. Мурда облустук спартакиадаларга дагы катышып келгенбиз. Эми районго чыгабыз», — деди ал.Марттын биринчи аптасында балдар арасында мелдеш болсо, ал эми кыздар арасында экинчи аптада болот. Бул таймаштын катышуучулары ийгиликке жетет деген үмүттөбүз.Даярдаган: Асель АкылбековаСынак үчүн