Бүгүн Кочкор районунун Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы орто мектепте рак оорусуна каршы 11 жаштан 14 жашка чейинки кыздарга эмдөө жүргүзүлдү.
Чолпон айылынын №6 үй-бүлөлүк мед айымы Калбүбү Кылычбекова: «Азыркы учурда бул вакцинаны 117 мамлекет алып жатат. Анын катарында Кыргызстан да бар. Негизи вакцина 2019-жылы эле келип, COVID оорусуна карата токтотулуп калган. Вакцинаны сайып жатканыбыздын эң негизги себеби Кыргызстан рак оорусу боюнча 2-орунда турат. Ал эми жылына 600 жаш кыздар, аялдар жатын моюнчасынын рагы менен катталып, анын ичинен 300 аял каза болот экен. Мына ошол оорулардын алдын алуу үчүн сайылууда.
Бул Америкалык жана ошондой эле бир дозалуу, инактивацияланган вакцина. Бирөөсү эле 80 доллар турат. Негизинен 11жаштагы кыздарга эмделет. Бирок Саламаттыкты сактоо министрлиги 11 жаштагыларга гана эмес, 12, 13, 14 жаш курактагы кыздардын дагы эмделүүсүн кошуп жатат. Ийне сол колго сайылат жана сайылгандан кийин дене табы көтөрүлүшү мүмкүн. Вакцинанын дагы пайдалуу жактары ооз көңдөйүнүн жана тамактын рагынын 92-98% алдын ала алат жана эч кандай терс таасирин тийгизбейт. Ал 2 жолу, биринчиси — ноябрда, экинчиси 6 айдан соң, май айында сайылат».
Акылай Болотбекова, Акылай Карыпбеков