Дөбөлү айыл өкмөтүндө , “Улуттук дем — ден соолукка жол” -иш-чарасы улуу муун үчүн өткөрүлдү

Жакында эле Социалдык эмгекти коргоо жана миграция министрлиги тарабынан жарыяланган долбоордун алкагында «Небере» коомдук бирикмеси тарабынан өзгөчө иш-чара уюштурулду. Бул демилге облустук жетекчиликтин сунушу менен колго алынып, ийгиликтүү ишке ашты
Иш-чарага 50 жаштан 76 жашка чейинки 30дан ашуун апалар, эжелер катышты.
Темасы: «Улуттук дем — ден соолукка жол»
Максаты — улгайган адамдарга бакубат жашоо тартуулоо жана кам көрүү.
Эң өзгөчө учурлардын бири —катышуучулар санариптик сабаттуулук боюнча кеңеш алышып, жасалма интеллект аркылуу жашарган сүрөттөрүн чыгарышты. Өздөрүн жаш бойдон көрүп, аябай кубанышты!
Катышуучулар: “Жакты, дагы болсо жакшы болмок”- деп, ыраазычылыгын билдиришти. Алар үчүн бул иш-чара жаңы маалымат, дем-күч жана көңүл көтөрүү болду.
Иш-чара учурунда өзгөчө кыйынчылыктар катталган жок.
Жетекчилердин айтымында, мындай иш-чаралар келечекте да уланат.
Уюштуруучулардын кайрылуусу:»Улуу муундагы жарандарыбызга кам көрүү — коомдун парзы. Алар да эс алып, туура тамактанып, ден соолугуна көңүл бурушу керек.»


Д.Кубандыкова