Кочкор районундагы Ж. Тойгомбаев атындагы №15 кесиптик лицейинде “Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду” аркылуу 3 айлык кыска курстун бүтүрүүчүлөрү курсту аяктап квалификациялык экзамендерин тапшырышты.

Деталдарды чийүү учуру.

Тикмечи кесибинин устаты Роза Турусбекова
Роза Турусбекова:
“17-февралда ФРН проектиси аркылуу 3 айлык кыска мөөнөттөгү тикмечи кесибине 12 окуучу кабыл алганбыз. Окуучулар кызыгуу менен өз аракеттеринин аркасында, жеткиликтүү деңгээлде тикмечи кесибин үйрөнө алышты. 24-майда көз карансыздык сертификациялоо менен бүтүрүү сынагын ийгиликтүү тапшырышты.”

Практика учурунда.
Курсту ачып, окутуунун максаты жумушсуз жарандарды иш менен камсыз кылуу болгон.
Медина Турдубекова, Төлөн Токтосунова