
Бул фестивалда Үч-Коргон айыл аймагындагы төрт мектеп — Пушкин, Айни, Дружба жана Манас Ата орто мектептери катышып, төрт улуттун каада салттарын жана үрп-адаттарын чагылдырышты.

Иш чарада ар бир мектеп кыргыз, өзбек, тажик, орус улуттарынын сахналык көрүнүштөрүн көрсөтүштү.
Айыл өкмөттүн кызматкери Азиз Нурмаматов билдиргендей, мындай фестиваль тез-тез өткөрүлүп турат жана бул улуттар ынтымагын бекемдөөгө кызмат кылат.
Майрамда ар түрдүү сахналык көрүнүштөр, улуттардын достугун чагылдырган бийлер келген коноктордун маанайын көтөрдү деп билдирет айылдын тургундарынын бири.
“Мага бул фестиваль абдан жакты, биз ынтымакта жашасак баардыгы болот. Бүгүн да ушундай жакшы иш чара Үч-Коргондо өткөрүлүүдө, элибизде тынчтык болсун, биз дайыма достукта жашап келүүдөбүз”.
Фестивальдын соңунда катышуучуларга уюмдар тарабынан баалуу белектер тапшырылды.
Иш чара Үч-Коргон айыл өкмөтү, эл аралык толеранттуулук коомдук фонду, “SAFERWORLD” коомдук фонду менен биргеликте өткөрүлдү.

Даярдаган: Мансуров Камрон
Сынак үчүн