Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы 2019-жылдын 31-май күнүнө карата 311,102 миллиард сомду (4,454 миллиард АКШ долларын) түздү.
Карыздын өлчөмү – коркунучтуу көрсөткүчпү?
Ички дүн продукциясынын өлчөмү боюнча дүйнөдө үчүнчү орундагы ири экономикага ээ Япониянын мамлекеттик карызынын өлчөмү 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча 10 триллион АКШ долларын ашып ИДПнын өлчөмүнөн эки эсе ашкан.
Эл аралык валюта фондунун 2019-жылдын апрель айына карата берген маалыматы боюнча мындай корсөткүч менен бардык өлкөлөдүн арасында Япония (237,5%) биринчи орунда турат. Андан кийин Венесуэла (214,4 %) жана Греция (174,2%) турат. Бруней (2,6%), Афганистан (6,9%) жана Эстонияда (7,6%) мамлекеттик карызы эң төмөнкү деңгээлде. Эл аралык эксперттеридин болжолу менен Кыргызстандын мамлекеттик карызы ИДПнын 56,1% түзөт деп көрсөтүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыз боюнча башкармалыктын жетекчиси Руслан Татиковдун айтымынды Японияда мамлекеттик карыздын түзүлүшүндө 98% ички карызга таандык.
Интернеттеги маалымат боюнча Японияда бюджет дефицитинин 83-94% чамасында баалуу кагаздардын, — анын ичинде узун мөөнөттүү (2 жылдан ашык) облигациялардын жана векселдердин, чыгарылышынан түшкөн каражаттан толтурулат. Ал каражаттар социалдык маселерди чечүүгө жумшалган. Облигацияларды негизинен япон мамлекеттик фонддор, жарандар, корпорациялар жана банктар сатып алышат. Япония өкмөтү өзүнүн элине карыз болгону бул кооптуу көрүнүш эмес деп бир тараптан айтылса, экинчи тараптан – кийин салыктын өлчөмү көбөйүшү ыктымал деп болжолдонууда.
* Кыргызстандын мамлекеттик карызынын түзүлүшү
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын өлчөмү ички дүн продукциянын 2019-жылга божомолдонгон өлчөмүнүн 51,8% тузөт деп болжолдонууда. Анын ичинен: мамлекеттик тышкы карыз – 264,242 миллиард сом, мамлекеттик ички карыз – 46,860 миллиард сом.
2019-жылдын январь-май айларында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын тейлөөгө республикалык бюджеттен 10,684 миллиард сом, анын ичинде: мамлекеттик тышкы карыз боюнча – 5,628 миллиард сом, мамлекеттик ички карыз боюнча – 5,056 миллиард сом сарпталды.
2019-жылдын 31-май күнүнө карата Кытай экспорт-импорт банкына — 1701,46 млн., Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигине – 243,01 млн., Германияны КфВ банкына — 78,47 млн., Түркия Республикасынын өкмөтүнө — 97,00 млн., Эл аралык валюта фондуна — 160,89 млн. , Азия өнүгүү банкы на — 569,12 млн., Эл аралык өнүгүү ассоциациясына — 647,82 млн., Ислам өнүгүү банкы на — 90,58 млн., Европа реконстуркция жана өнүгүү банкына — 49,46 млн. жана башка уюмдарга — 145,2 млн. АКШ доллар тышкы карыз эсебине киришет.
Кыргызстандын ички карызын кыска мөөнөттүү баалуу кагаздар (мамлекеттик казына векселдери) жана узун мөөнөттүү баалуу кагаздар (казына милдеттенмелери, мамлекеттик казына облигациялары жана котормо вексель) менен калктын үнөмдөлгөн каражаттарын индекстөө түзүшөт.
Казына милдеттенмелери – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казына милдеттенмелерин чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө тартиби жөнүндө” жобого ылайык Финансы министрлиги тарабынан чыгарылган мамлекеттик баалуу кагаздар. Казына милдеттенмелери жеке өзүмдүк, документ түрүндөгү баалуу кагаз болуп саналат. Казына милдеттенмелерин экинчилик рыногунда баштапкы жайгаштырууну жана аны менен келишилген бүтүмдөрдү каттоону түздөн-түз Финансы министрлиги ишке ашырат.
Вексельде көрсөтүлгөн акча суммасын белгилүү мөөнөттө карызкордон төлөтүп алууну талап кылууга талашсыз укук берүүчү, карызкор (вексель алуучу) тарабынан кредиторго (векселдин ээсине) берилүүчү, өзгөчө мыйзамдардын нормалары боюнча жазылган кат жүзүндөгү карыз милдеттенмеси. Мамлекеттик казына векселдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик кыска мөөнөттүү (3, 6, 12 ай) дисконттук баалуу кагаздары. 1 МКВдин баасы 100 сом. Бул баалуу кагаздар документсиз формада чыгарылат, алар эсептерде чагылдырылат. МКВ Улуттук банк тарабынан өткөрүлгөн аукциондор аркылуу жайгаштырылып турат. Кыргыз Республикасында юридикалык жактар жана жеке адамдар МКВга ээлик кылуучулардан боло алышат.
Облигация ээсинин аны чыгарган жактан анда каралган мөөнөттө өз наркын же теңдештик мүлкүн ала тургандыгын күбөлөндүрүүчү баалуу кагаз. Облигациянын өз наркына белгиленген пайызын алуу укугун же дагы башка мүлктүк укуктарды берет. Мамлекеттик казына облигациясы — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн пайыздык киреше алууга (купондук) мүмкүндүк берген жүгүртүү мөөнөтү 1 жылдан ашкан мамлекеттик узак мөөнөттүү баалуу кагаз. МКОнун Улуттук банк тарабынан өткөрүлгөн аукциондор аркылуу жайгаштырылып турат. Кыргыз Республикасында юридикалык жактар жана жеке адамдар МКОго ээлик кылуучулардан боло алышат.
Ушул жылы аукционго коюлган 12 айлык мамлекеттик казына векселдердин орточо кирешелүүлүгү – 4,50%дан 4,89%га чейин болсо, мамлекеттин казына облигациялардын кирешелүүлүгү – 2 жылдык: 6,18% — 6,69%, 3 жылдык: 8,35% — 8,89%, 5 жылдык: 10,15%-10,62%, 7 жылдык: 10,71%-11,13%, 10 жылдык: 13,53% түздү.
***
Мамлекеттик баалуу кагаздар бир тараптан алуучуларга өкмөт тарабынан кепилденген ишенимдүү киреше булагы болсо, экинчи тараптан бюджеттин дефицитин кыскартууга, мамлекеттик маселелерди чечүүгө, өндүрүш жана социалдык тармактарды колдоо жана өнүктүрүүгө, улуттук экономиканы жөнгө салууга максатталган.
Маалымат булактары:
— 2019-жылдын 31-майына карата Кыргыз Республикасынын тышкы карызы 3 млрд 783 млн АКШ долларын түздү —
http://minfin.gov.kg/novosti/novosti/vneshniy-dolg-kyrgyzskoy-respubliki-na-31-maya-201
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздары жана Улуттук банктын ноталары — https://www.nbkr.kg/index1.jsp?item=1567&lang=KGZ
Даярдаган: Аида Молдалиева