8- апрелде Кыргызстан боюнча билим берүү мекемелери 4-чейректи аралыктан окуу менен баштайт. Тактап айтканда, бала бакчалардан тарта мектептин 11-классына чейин окуу программасына ылайык сабактар башталат.
Быйыл Нарын облусунда жазгы талаачылык жумуштары эрте башталып, учурда бардык райондордо айдап-себүү өнөктүгү кызуу жүрүп жатат.
“Коом — толгон токой проблемалардан улам стресс менен жашап жаткандай. Социалдык желелерден деле жалаң сын-пикир, сөгүшкөн же урушкан тараптарды байкоого болот” дейт ишкер Темирлан Сарлыкбек уулу. Темирлан мырзаны буга чейин …
Сүлүктү шаары боюнча жеке ишкерлер коомчулукка жана социалдык мекемелерге ар тараптуу жардам көрсөтүү иштерин улантып жатат.
Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Конушбаев Жайыл районундагы жана Суусамыр өрөөнүндөгү, ошондой эле Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл өкмөтүндөгү аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 900 миң сомдук көлөмдөгү азык-түлүк жардамын көрсөттү.
Таластык аз камсыз үй- бүлөлөргө жана жардамга муктаждарга Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков 50 тонна ун жана башка азык-түлүктөрдү жөнөткөн. Учурда Талас облусундагы төрт район жана шаардагы аз камсыз, көп …
JIA ишкерлер ассоциациясы Кыргызстан боюнча “Апаатка такаат” долбоорун ишке ашырып, коронавирус илдети таралуу коркунучу жаралып жаткан учурда карантинде жаткан элдин аялуу катмарына колдоо көрсөтүп жаткан учуру. Таластагы JIA ишкерлер ассоциациясы …
Медер Келдеев ак-кара түстөгү, боектуу жана 3D сүрөттөрдү тарткан чебер. Ага белгилүү адамдардан тарта, талантын баалаган тааныштары да кайрылат. Бирок, ал көбүнчө наристелердин сүрөтүн тартканды жактырат. Бизге берген маегинде сүрөтчү, …
Азыркы учурда ата- бабалардан калган салттардын баары өзгөрүп, ар бир той- аштарда колдонулган жөрөлгөлөр барган сайын аша чапкандык менен ысырапкорчулукка алып келип жаткандай. «Таберик» аттуу кыргыз тилиндеги аудио-подкасттын 3- чыгарылышында …
Баткен облусунун Сүлүктү шаары боюнча билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзу тарабынан, агартуу майданында эмгектенип жаткан, ден-соолугу жана үй-бүлөлүк абалы боюнча жардамга муктаж жарандарга азык-түлүк жардамы берилди.
Таажы вирусунун учуру Нарын облусунда катталгандыгына байланыштуу Ак-Талаа районунун аймагында ооруну алдын алуу иштери күчөтүлдү. Райондун чек арасына, айылдардын кире беришине да посттор коюлду. Дээрлик жол каттамдары тыкыр токтотулду. Ошол …
Коронавирустун алдын алуу иштери республиканын бардык аймактарында жүрүп жатат. Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Суу айыл аймагында да бул илдеттин алдын алуу иштери жүрүп, айыл өкмөттүн кызматкерлери 31- мартта айылдын көчөлөрүн …
Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылындагы Таштемир Сатыбалдиев атындагы орто мектеби тоолуу аймакта жайгашканына карабастан өзгөчө кырдаалга байланыштуу 3-чейректин акыркы өтүлбөй калган программалары азыркы учурда мугалим жана окуучулар менен бирдикте кайтарым байланыш …
Кыргыз Республикасы боюнча өзгөчө кырдаал шартында, борбордон эң алыс, облустук маанидеги шаар Сүлүктүдө калкка материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүү иштерин уюштуруп, шаардык Кеңештин төрагасы башка депутаттарга жана ишкерлерге үлгү болууда.
Коронавирус пандемиясы, карантин, өзгөчө кырдаалдагы курч абал биздин тынч жашообузга 2020-жылдын жаз айында кирип келди. Жашообузду татаалданткан кырдаалга баш ийүү менен гана биз өзүбүздүн жана жакындарыбыздын тынч жашоосуна өбөлгө түзө …
Бүгүн жаштар тобу атайын коопсуздук кийимин кийишип Талас шаарындагы 59-квартал деп аталган микрорайондун көп кабаттуу үйлөрүнүн аянттарын, эл көп баскан тротуар жээктерин, оюн аянттарын дезинфекциялап чыгышты.
Эл башына түшкөн кыйынчылык учурда көпчүлүк карантинде жаткан учурда күнү-түнү эл кызматында болуп блок посттордо күзөттө тургандарга ысык тамак уюштурууну Кыргыз Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев сунуштагандан …
Ата- бабаларыбыз мурда бата берүүгө кандай маани берип келишкенин жана азыр батанын маанисине көңүл буруу канчалык деңгээлде экенин «Таберик» подкастынын 2- чыгарылышында уга аласыз.
Карасаев айыл өкмөтүндө баардык кызматкерлери жана депутаттар, жергиликтүү кеңеш баардыгы кеңешип, калктын саламаттыгын ойлоо менен бирге талыкпаган иш аракеттерди алып барууда. Ал иш аракеттерде айыл өкмөт кызматкерлери менен айыл активисттери …