8- апрелде Кыргызстан боюнча билим берүү мекемелери 4-чейректи аралыктан окуу менен баштайт. Тактап айтканда, бала бакчалардан тарта мектептин 11-классына чейин окуу программасына ылайык сабактар башталат.
Мугалимдер ар кандай видео жана онлайн сабактарды өтүшөт жана техникалык каражаттар менен окуучуларга кайтарым байланыш үчүн тиркемелерди колдонушат. Бирок элдин социалдык абалы бирдей эмес болгондуктан, бардык окуучулар аралыктан окууга катыша албай калышы да мүмкүн. Мындай учурларда балдар телеканалдардан берилүүчү сабактарды көрүшөт.
Ак-Талаа райондук мамлекеттик админстрациясынын башчысынын орун басары Кенже Карагулова бул тууралуу: «Окуу башталгыча биз мектептерде канча окуучунун окууга шарты бар, канчасыныкы жок тактадык. Ошол маалымат боюнча боюнча 6333 баланын аралыктан окуу үчун уюлдук телефондору , 451 баланын компьютердик каражаттары бар. Дагы төрт жүзгө жакын окуучу атасынын же энесинин телефонун колдонот. Бул кырдаалды жоюу үчүн билим берүү бөлүмү менен сүйлөшүп жатабыз. Бала окубай калбаш керек. Мындай көйгөй бизде эле эмес, учурда баарында бар дейт.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова