Кыргызстанда Ата Мекенди коргоочулардын күнү белгиленип келет баарыбыз билебиз . Мурда советтик Армиянын күнү деп белгиленип келген 23-февраль, Кыргызстан эгемендик алгандан кийин Ата Мекенди коргоочулар күнү деп аталып, бул күн майрам катары эс алуу күнү катары жарыяланган.
СССР ыдырагандан кийин деле 23-февраль Кыргызстанда мырзалардын майрамы катары эсептелип калган. Айрыкча жаш муундун өкүлдөрү бул күндүн маанисин элес деле албай майрамдашат.Жаштардын көпчүлүгү бул эмне болгон майрам экенин жакшы биле бербейт. Айрыкча аскер катарында кызмат өтөбөгөн, армиядан түшүнүгү жок жаштар бул күндү жөн гана мырзалардын майрамы катары билишерин айтып берүүдө.
Бул күн советтик Армияныны катарында кызмат өтөгөн улуу муунду өкүлдөрүнүн жүрөгүнө жакын:
22-февраль куну радиомосттун түз эфиринде Ата мекенди коргоочулардын күнүнө арналган майрамдык эфир болуп өттү.
Майрамдык эфирге келген коноктор: Кыргыз Республикасынын мамлекетинин чек ара кызматынын Талас областы боюнча штаб башчысы полковник Токтосунов Сапарбек Орозбаевич жана Талас бириккен шаардык аскер комиссиаратынын аскер комиссиарынын орун басары улук лейтенант Курманалиев Эркин Шумкарбекович болушту. Келген өкүлдөр майрамдын кайдан келип чыгышын жана өздөрүнүн мекенди коргоодо кылган иш аракеттерин айтып беришти. Кененирек маалыматты биздин бир сааттык аудио файылыбыздан уга аласыздар.
Дайындаган: Чолпон Сабитова