Октябрь айынын 24-нөн тартып 31-не чейин дүйнөлүк медиа жана маалыматтык сабаттуулук жумалыгы белгиленет. Ар бири жылы тарамактын актуалдуу темасы белгиленип, бул багыттын жетишкен ийгиликтер жана өсүшкө көңүл бурулат. Бул жылдын темасы азыркы санариптик жашоодогу адамдардын критикалык ой жүгүртүү жөндөмүн өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилейт.
Бул жылдын темасына карай санарип платформалары маалыматты түзүүдө, керектөөдө жана бөлүштүрүүдө төңкөрүш жасап, ар бир колдонуучуну ишенимдүү маалыматты табууга чакырды.
Жасалма интеллекттин пайда болушу критикалык ой жүгүртүүнүн мурдакы ыкмалары аркылуу адам тарабынан жаралган контент менен жасалма интеллект жараткан материалдарды ажыратууну дагы да татаалдатты. Бул адамдар жашаган санариптик мейкиндиктерди калыптандыруу жана ийкемдүү маалымат чөйрөсүнө салым кошо ала турган бурулуш учур.
Медиа жана маалыматтык сабаттуулук -коомдун жыргалчылыгы үчүн
2021-жылы БУУнун Башкы ассамблеясы медиа жана маалыматтык сабаттуулук жумалыгын белгилөөнү чечип, фактыларга негизделген, өз убагында, максаттуу, так, жеткиликтүү, көп тилдүү жана далилдүү маалыматтарды жайылтуу зарылдыгын белгилеген. Резолюция өлкөлөр ортосунда жана алардын ичинде орун алган олуттуу санариптик жана маалымат ажырымы адамдардын маалыматты издөө, кабыл алуу жана жеткирүү боюнча санариптик компетенттүүлүгүн жакшыртуу жолу менен жарым-жартылай чечүүгө болорун моюнга алат.
Татаал, кээде карама-каршы билдирүүлөрдүн жана пикирлердин доорунда коомчулук мүмкүнчүлүктөр жана коркунучтар алдында алсыз болсо, коомдук жыргалчылыкты алдыга жылдырууну элестетүү кыйын. Ар бир адам маалымат жана коммуникация мүмкүнчүлүктөрүнө салым кошуу жана андан пайда алуу үчүн медиа жана маалыматтык сабаттуулук компетенциясына ээ болушу керек.
Жыл сайын белгиленүүчү Глобалдык медиа жана маалыматтык сабаттуулук жумалыгы кызыкдар тараптар үчүн “Баардыгы үчүн медиа жана маалыматтык сабаттуулук” багытындагы жетишкендиктерди карап чыгуу жана белгилөө үчүн маанилүү учур болуп саналат.
Бул басылма Internews ишке ашырып жаткан «Анык окуялар аркылуу аудиториянын туруктуулугун жогорулатуу» (CARAVAN) долбоорунун алкагында Европа Биримдиги тарабынан каржыланат. Анын мазмуну үчүн Жамааттык Медиа гана жоопкерчиликтүү жана ал Европа Биримдигинин жана Интерньюстун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.
Айгерим Кубатбекова