«Демократия сааты» программасынын алкагында уюштурулган түз эфирдеги маектин мурунку темасы Жаштар саясаты жана жаштар уюмдары ишмердүүлүгүнө арналды.
Студиянын коноктору Талас облустук жаштар кеңешинин жетекчиси Медетов Бектур жана Ак-Дөбө жашатр уюмунун өкүлү Сагынбаев Кайрат болду. Программа алкагында жаштар саясаты деген эмне, айыл жергесиндеги жаштар үчүн түзүлгөн шарттар, жаштар уюмунун ишмердүүлүгү тууралуу сөз айтылды. Программа абдан жандуу жана кызыктуу болуп өттү. Социалдык баракчага түз эфир угузулуп, интернет пайдаланучулардан суроолор келди.
Эскерте кетсек, бул уктуруу Кыргызстандагы Эберт Фонду тарабынан каржыланууда.
Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова