Базар-Коргон районуна караштуу Бел-Терек айылындагы №29 «Бел-Терек» мектебинин эскилиги жетип, жаңы мектепке салынды. Азыркы күндө окуучулар жаңы мектепте билим алып келишет.
Мектеп директору Мавлянкулов Жаныбек: «Мектеп эскилигине жеткендигине байланыштуу 2014-жылы жаңы мектеп курула баштаган. 2018-жылы ишке киргизилди. Кыргыз Республикасынын бюджетинен 35 миллион сом каралган. Ал акчанын 14 жарым миллион сому мектепке иштетилип, калган акча спорт зал, ашканага жумшалат.»
Мурунку мектептин жана азыркы жаңы мектептин көрүнүшүн төмөндөгү сүрөттү жылдырып көрө аласыздар:
Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ