Ноокат районунун Дары-Булак айылында сел коркунучунун алдын алуу максатында Котур Булак сайы тазаланды. Тазалоо ишине жергиликтүү бюджеттен 45 миң сом каралган.
Сайды тазалоо учуру
Демилгени айыл өкмөтү Ноокат райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү менен биргеликте көтөрүп, жергиликтүү бюджеттен 45миң сом каралган. Учурда 200 метр жер тазаланды.
Сайдагы бардык чоң таштар алынды
Кеңеш айыл өкмөт башчысынын орун басары Жеңишбек Исаев аталган сай жыл сайын тазаланаарн билдирди.
Жеңишбек Исаев: “Бул сайды абалга карап жылына бир жолу тазаланып турат. Бирок, кээде тазалагандан кийин да толуп калса, кайрадан тазаланат.”
Жеңишбек Исаев
Дары-Булак айылынын тургуну Гүлзада Аширбекованын айтымында сайдан мурда сел келип айыл тургундарына коркунуч жараткан.
Гүлзада Аширбекова
Гүлзада Аширбекова: “Сел келип бир үйдүн унаасын, малдарды агызып кеткен. Жолду да бузуп жол жок болуп калган. Ошондо өкмөт бузулган жолду кайрадан калыбына келтирип, оңдоп азыр жакшы мурдагыдай сел жок”.
Турсунбек Кудайбердиевдин айтымында Котур Булактын абалы начар бойдон калууда.
Турсунбек Кудайбердиев
Турсунбек Кудайбердиев: “Ичкенге сууну ушул сайдан ташып ичебиз. Жамгыр көп жааганда сел келет, суу бир айга чейин тунбай, ылай суу болот. Андайда сууларды тунутуп анан ичебиз”.
Аймончок Кожонова