Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын ооруканасында Айгүл Саадабаева медайым болуп эмгектенип келет. Кичине кезинен эле ак халат кийип элдин керегине жарасам деген кыялдарын оорундатып, ушул кесиптин ээси болгонун айтат.
Саадабаева Караколдогу медициналык училишада эки жыл билим алган. Тасма айылына иштээрден мурда Бишкек шаарында кардиология бөлүмүндө үч жыл эмгектенген.
“Кесибим өзүмө аябай жагат. Күнүнө 10-12 бейтап келип турат. Аларга көңүлүнө карап жакшы мамиле кылабыз. Антпесе оорусуна байланыштуу маанайлары пас болушу мүмкүн. Ар бир адамдын психологиясын түшунүп ошого жараша мамиле кылуу керек”, – дейт Саадабаева.
Ошол эле ооруканада иштеген Садабаеванын кесиптеши Бактыгүл Чотурова кесиптешинин бейтаптарга жасаган мамилеси жакшы экенин айтат.
“Мен Айгүл менен 34 жылдан бери чогуу иштешип келе жатам. Ал көтөрүмдүү, эмгекчил”, — деп билдирди Чотурова.
Даярдаган: Айжан Жамаева
Сынак үчүн