Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин 6-а классында «Ата-энелер мектеби» боюнча «Ата-энелер сүйүүсү деген эмне?» темасында ачык сабак өтүлдү.
Орус тили жана адабият мугалими, 6а — классынын класс жетекчиси Асанова Элира Жаныбековнанын айтуусунда Ата-энелер мектебинин негиздөөчүсү Гапыр Мадаминов 1992-1993-жылдардан баштап билим жана тарбия сапатынын төмөндөп кеткендигин байкап, эксперимент жүргүзгөндө күнөө мугалимдерде эмес, анын тамыры үй-бүлөдөн, анын ичинде энеден экенин байкаган. Мугалим катары Гапыр Мадаминов агайдын эмгектери менен таанышканда, энелер аркылуу билим сапатын жогорулатууга, тарбияны жакшыртууга болорун түшүнгөнүн айткан.
«Ата-энелер сүйүүсү деген эмне?» деген темада ата-энелерге ачык сабак өтүлдү.
Өз классынын энелери менен иштөөнү уюштуруп, «Ата-эненин сүйүүсү» деген темада сабак өттү. Сабакка ата-энелердин 80 %ы катышты. Ата-энелерди зериктирбей, тапшырмалар арасында бала тарбиясына байланышкан оюндарды ойношту. Сабак 2 саатка чамалап аяктаганына карабай, үйгө шашкан ата-энелер болгон жок.
Ата-энелер бала тарбиясына байланышкан оюндарды ойношту.
Сабактын аягында ата-энелерге атайын даярдалган психологиялык тесттер берилди. Алар өздөрүнүн кандай ата-эне экендиги боюнча жыйынтыктарды окуп, талкуулашты.
Ата-энелер оң тарбия берүү сырлары менен таанышышты.
Ата-энелер сабактан кийин балдарды сүйүү жана мээримге көбүрөөк көңүл буруу керектигин түшүнүштү. Сабак максатына жетип, ийгиликтүү аяктады.
Нурпери Качкынбекова